Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл

Украинанын дрондору Орусия мунай заводдорун бутага алды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:37 18.3.2022

Жапония, Австралия жана Жаңы Зеландия Орусиянын Украинага кол салганы үчүн Москвага каршы жаңы санкцияларды салды. Чектөөлөр Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган орус аткаминерлерди, олигархтарды, мамлекеттик карыз менен иштеген өкмөттүк мекемелер жана орусиялык банктарды камтыды.

Жапон Тышкы иштер министрлиги санкция 15тей адамга жана 9 уюмга киргенин маалымдады. Тизмеде кишилерден Орусиянын тышкы иштер, Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик Думанын жана башка мекемелердин өкүлдөрү, ишканалардан "Рособоронэкспорт", "Вертолеты России", “Объединенная авиастроительная корпорация” жана башкалар бар.

Австралия Орусиянын Каржы министрлиги менен Улуттук бакубаттуулук фондуна жана 11 банкка каршы санкция кабыл алды. Алардын ичинде "Сбербанк", "Газпромбанк", ВЭБ, ВТБ, "Россельхозбанк", "Совкомбанк", "Новикомбанк", "Альфа-банк" жана Москва Кредиттик банкы бар.

Жаңы Зеландиянын Орусияга каршы санкциялар пакетине президент Владимир Путин, премьер-министр Михаил Мишустин, тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Шойгу кирди. Мындан сырткары “кара тизмеге” ички иштер министри Владимир Колокольцев, Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников, Федерациялык Кеңештин спикери Валентина Матвиенко, Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин, президенттик администрациянын жетекчиси Антон Вайно, Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев жана Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин да түштү.

Жаңы Зеландиянын мындан сырткары дагы 364 саясий ишмер жана 19 ишкана кирди. Санкция боюнча алардын активдерди камакка алынат жана өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынат.

Москванын Украинага кол салуусуна байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды мурдараак АКШ, Канада, Улуу Британия, Австралия, Швейцария жана Евробиримдиктин өлкөлөрү киргизген. Анын ичинде Владимир Путинге санкция салынган. Иш жүзүндө бул орус президентине каршы салынган алгачкы санкциялар болуп жатат.

17:08 18.3.2022

Донецк облусундагы Краматорск шаарындагы ракеталык аткылоодон 2 адам каза тапты.

"Эрте менен орусиялык аскерлердин ракеталык соккусу турак жайга, админстративдик имаратка тийди",-деди Донецк облусунун аскердик админстрациясынын башчысы Павел Кириленко.

Учурда орус аскерлери Доценк облусунун Украинанын көзөмөлүндө болгон бардык аймактарын аткылоодо.

17:31 18.3.2022

Жогорку Раданын адам укуктары боюнча комиссары Людмила Денисова 16-марттын кечинде күчтүү аба соккусунан улам талкаланган Мариупол шаарындагы драма театрынын жер төлөсүнөн 130 киши чыгарылып кеткенин билдирди.

"Ал жерде дагы 1300 адам бар,-деди ал "Украина 24" телеканалынын эфиринде.

17:38 18.3.2022

Киев бийлиги шаардагы каза болгондор боюнча маалымат берди


Рейтер агенттиги Киевдин мэриясына шилтеме жасап, Орусиянын Украинанын баш калаасына чабуулу башталгандан бери 222 адам, анын ичинде 60 жайкын тургун жана 4 бала каза болгонун билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG