АКШ президенти Жо Байден Кытайдын лидери Си Цзинпин видео байланыш аркылуу сүйлөшүүдө Орусиянын агрессиясын колдосо, арты жаман болорун айтты. Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки президент Байдендин:
"Президент эгер Кытай Украинадагы тынч элге баскынчылык кылып жаткан Орусиянын саясатын колдоп, материалдык жардам берчү болсо, кандай кесепеттер күтүп жатканын кенен түшүндүрдү. Буга биз жана жалпы дүйнө көз салып турат", деп айтканын сөзмө-сөз билдирди.
Ал эми Си Цзинпин жаңжал кимдир бирөөнүн кызыкчылыгында болбошу керектегин айтып, "Украин кризиси - биз көргүбүз келбеген кризис" деп айтканын Reuters агенттиги кабарлады.
АКШ жана Кытай лидерлеринин Орусиянын Украинага кол салышы жана ага карата Бээжиндин позициясы жөнүндө 18-марттагы сүйлөшүүсү эки саатка жакын убакытка созулду.
Кытайдын тышкы иштер министри кабарлагандай Си АКШ президентине Украинадагы согуш мүмкүн болушунча тезирээк аякташы керектигин айтып, НАТО өлкөлөрүн Москва менен диалог курууга чакырган.
АКШ аскерлери Украинадагы согушка катышпай турганын Пентагондун башчысы Ллойд Остин Си-эн-эн телеканалына курган маегинде билдирди.
"Президент (АКШнын поезиденти Жо Байден) так түшүндүргөндөй, биздин аскерлер орус-украин чатагына аралашпайт. Бул жерде сөз эки өзөктүк куралы бар держава тууралуу болууда. Алардын чатакташканынын эч кимге кереги жок. Бул аймак гана эмес, жалпы дүйнө жүзүнө терс таасирин тийгизет", - деди коргоо министри Ллойд Остин.
Орусияда Украина менен согушка каршы чыккандарга, ошондой эле "Z" жана "V" белгилерин сүйбөгөндөргө каршы "атайын операция" жүрүп жатат.
Орусиялык аскерлердин аткылоосунун айынан Луганск облусундагы Северодонецк жана Рубежное шаарында төрт киши каза таап, ону жарадар болду. Бул тууралуу Луганск облусундагы аскердик администрациянын башчысы Сергей Гайдай билдирди.