Украинанын президенти Владимир Зеленский 19-мартта Фейсбукка жарыялаган кайрылуусунда Орусиянын бийлигин жаңы сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырды.
Ал тынчтыкты көздөгөн, Украинанын коопсуздугун камсыз кыла турган "акыйкат жана маңыздуу" сүйлөшүүлөр Орусия үчүн өз катасынын кесепетин азайта турган "жалгыз мүмкүнчүлүк" экенин айтты. Украин бийлиги Орусия кол салганга чейин деле маселени сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө басым жасап келгенин кошумчалады.
"Менин сөзүмө бардыгыңыздардын, өзгөчө Москвадагылардын кулак салышын каалайм. Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүүгө жана адилеттикти орнотууга мезгил жетти. Антпесе Орусиянын жоготуусун калыбына келтирүү үчүн бир нече муун кетет", - деди Зеленский.
Украинадагы кырдаалдан улам ал жактан кетүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо уланууда. Бул иштин алкагында бүгүн, 19-мартта Польшадан Бишкекке чартердик каттам менен 95, ал эми Чехиянын борбору Прага аркылуу 35 кыргызстандык жаран Бишкекке, 43 жаран Ошко учуп келди.
Бул Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ), Польша жана жарандардын мекенине кайтып келүүсүн уюштурууга көмөктөшүүчү Европалык чек ара кызматынын "Фронтекс" агенттиги менен биргеликте уюштурган экинчи эвакуациялык каттамы болду.
Прага-Стамбул-Бишкек жана Прага-Стамбул-Ош багытындагы каттамдарга кыргызстандыктар үчүн билеттерди эл аралык Миграция уюмунун Прагадагы өкүлчүлүгү сатып берген.
12-18-март күндөрү Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин көмөгү менен Украина-Польша мамлекеттик чек арасынан Кыргызстандын 34 жараны өткөн. Эки үй-бүлө согуш жүрүп жаткан аймактардан тынч жакка эвакуацияланып, азырынча Украинада калуу ниетин билдиришкен.
Жалпысынан Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өнөктөштөрү менен биргеликте Кыргызстандын 718 жаранына Украинадан чыгып кетүүгө жардамдашты.
Ишемби күнү Украинанын бир нече жумадан бери курчоодо турган Мариупол шаарына орус күчтөрү кирип жатканы кабарланды. Айрым маалымат каражаттары Азов деңизинин жээгинде жайгашкан бул шаардын көчөлөрүндө атышуу болуп жатканын жазышууда.
Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Вадим Денисенко "Азовсталь" аттуу ири металлургия комбинаты үчүн айыгышкан кармаш жүрүп жатканын ишемби күнү украин телеканалдарына курган маегинде айтты.
Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Мариупол жайгашкан Донецк облусундагы орус армиясынын чабуулдарына байланыштуу Азов деңизи менен байланыш "убактылуу" үзүлдү.
Ошентсе да украин өкмөтү 19-мартта Мариуполдон Запорожье калаасына жайкын тургундарды чыгарып кетүү гуманитардык коридор ачыларын билдирүүдө.
Бир нече күн мурда орус күчтөрү Мариуполдогу жүздөгөн адамдар баш калкалап жаткан театрга сокку урган. Мындан улам Орусия согуштук кылмыштарга барып жатканы тууралуу айыптоолор күчөгөн.
18-мартта украин президенти Владимир Зеленский бул театрдын аймагынан 130 киши аман куткарылганын, бирок урандылардын арасында "жүздөгөн" адам болушу мүмкүн экенин айтты.
Гуманитардык уюмдар билдиргендей, орус күчтөрүнүн курчоосундагы Мариупол шаарында 350 миңдей тургун оор абалда күн көрүп жатат.
Орусия Украинага басып кирген 24 күндүн ичинде 112 өспүрүмдүн өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы 19-мартта билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөдө согуш башталгандан бери 140тай бала жараат алды.
Согушта каза тапкан балдарды эскерүү максатында бир күн мурда Украинанын батышындагы Львов шаарындагы аянтка 109 бош коляска коюлган.
Бириккен Улуттар Уюмунун 17-мартка чейинки эсебине ылайык, Украинада 24-февралдан бери кеминде 816 жай тургун мерт болду жана 1300дөн ашууну жараат алды. Бирок адистер согуштун бейкүнөө курмандыктарынын саны мындан кыйла жогору болушу мүмкүн экенин эскертип келет.
БУУнун маалыматына ылайык, Украинада жайкын тургундардын көбү оор артиллериялык аткылоолордон, ракета чабуулдарынан жана аба соккуларынан каза таап же жарадар болуп жатат.
Согуш башталгандан бери 3 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө качууга аргасыз болду. Алардын 2 миллиондон көбү Польшанын аймагына өттү.