Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл

Украинанын дрондору Орусия мунай заводдорун бутага алды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

19:19 19.3.2022

Орус олигархтарынын байлыгы Украинаны оңдоого жумшалышы ыктымал

Орус олигархтарынын байлыгы Украинаны оңдоого жумшалышы ыктымалЕвробиримдиктин жетекчилиги учурда бул маселени талкуулап жатканын Bloomberg өз булактарына таянып жарыялады. Талкууда аталган маселе биримдиктин бардык мүчө-өлкөлөрү тарабынан чечилери маалым болду.

Евробиримдиктин өкүлү Урсула фон дер Ляйен азырынча санкцияга тушуккан активдерди жүгүртүү токтотулганын билдирген.

Евробиримдик, АКШ жана башка айрым өлкөлөр Орусияга карата көптөгөн оор санкцияларды киргизди. "Кара тизмеге" орусиялык ондогон ишкерлердин байлыктары туш болду.

Алардын арасында "Роснефттин" ээси Игорь Сечин, "Транснефттин" башчысы Николай Токарек, ишкер Алишер Усманов, "Түндүкболот" компаниясынын ээси Алексей Мордашов жана Геннадий Тимченко сыяктуу ири миллиардерлер бар.

Bloomberg кабарлагандай, Италияда эле орусиялык олигархтардын 780 млн. евродон ашуун активи камакка алынган. Анын ичинде жеке учактар, яхталар, кыймылсыз мүлктөрү бар.

Ишкер Роман Абрамовичтин 99 учагына асманга көтөрүлүшүнө тыюу салыгган. Бирок бул учактар 2-мартта санкцияны бузуп, Орусияга жана Беларуска учканы маалым болду. АКШ өкмөтү муну сынга алды.

21:45 19.3.2022

Орусиянын Коргоо министрлиги биринчи жолу Украинанын батыш бөлүгүндө үндөн ылдам учуучу "Кинжал" ракетасын колдонгонун билдирүүдө. Бул тууралуу министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенков 19-марттагы брифингде айтып чыкты.

"18-мартта "Кинжал" авиациялык комплексинин гипер ылдамдыктагы аэробаллистикалык ракеталары менен Ивано-Франковск облусунун Делятин калктуу пунктундагы украин күчтөрүнүн ракеталары жана авиациялык ок-дарылары сакталган жертөлөдөгү ири кампасы жок кылынды", - деп билдирди Конашенков.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү Делятин аймагына сокку урулганын ырастаганы менен бул чабуулда кандай ракета колдонулганы дагы такталышы керек экенин айтышты.

Орус армиясы "Кинжал" ракетасы кадимки үндөн беш эсе ылдам уча аларын, абадан коргонуу системаларына кармалбастан 2 миң чакырым алыстыктагы бутага сокку ура аларын билдирип келет.

00:10 20.3.2022

Украинанын түштүгүндөгү Николаев шаарында орус күчтөрүнүн аскердик казарманы бутага алган аба соккуларынан ондогон украин аскерлери мерт болду. Бул тууралуу 19-мартта жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана күбөлөр билдиришти.

Орус армиясы чабуул койгон маалда "казармада 200дөй аскер уктап жатканын" "Франц-пресс" жаңылыктар агенттиги 19-мартта 22 жаштагы украиналык жоокерге шилтеме кылып жазды.

"Кеминде элүүдөй сөөктү алып чыгышты. Уранды алдында дагы канча киши бар экенин билбейбиз", - деп айтып берген өзүн Максим деп тааныштырган жоокер.

Николаев облусунун губернатору Виталий Кимдин сөзүнө караганда, казармага 18-мартта сокку урулган жана куткаруу иштери ишемби күнү да уланды. Ал окуя украин аскерлери уктап жаткан мезгилде болгонун кошумчалады. Бирок казарма так кайсы жерде жайгашканын, канча аскер жабыркаганын айткан жок.

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу ырастоого мүмкүн боло элек. Орусиянын армиясы Украинага басып киргенден бери эки тараптын жоготууларын бышыктоо кыйынчылык менен коштолуп келет.

Ага чейин бельгиялык журналист Робин Рамэкер Николаевге жасалган түнкү авиачабуулдан ондогон адамдар өлгөнүн Твиттерге жазган.

00:17 20.3.2022

Черниговдогу аткылоонун кесепети – Украинанын Коргоо министрлигинин видеосу

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG