18-мартта Киев облусундагы Макаров шаарчысында орусиялык аскерлердин огунан жети жай тургун каза болду. Дагы беш адам ооруканада жатат. Бул тууралуу Киев полициясы кабарлады.
Санкт-Петербурга жакын Зелингорск шаарындагы почта бөлүмүндөгү жылып турган жазууда "Украинада 14 000 аскер кызматкери окко учту. Украинанын куралдуу күчтөрүнө даңк! Украинага даңк!" деген саптар пайда болду.
Болгария Украинадагы согушка байланыштуу Орусиянын газын алуудан баш тартат
Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьери Асен Василев билдирди. Учурдагы "Газпром" менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү 2022-жылдын аягында токтойт жана аны узартуу үчүн сүйлөшүү болбойт.
"Бул согушта славян элдеринин бир улуту кол салууга кабылды, бир улуту ага кол салды", - деп белгиледи Василев.
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Украинадагы кырдаалга байланыштуу пикирин билдирип жатып, Кыргызстан бейтарап позицияны карманарын билдирди. Ал бул тууралуу "Ала-Тоо 24" телеканалына курган маегинде айтты.
Байсалов Кыргызстан кандай гана жаңжал болбосун, тынчтыкты көздөрүн белгиледи:
"Биз Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) толук кандуу мүчөсүбүз. Уюмдун уставына ылайык, ар бир мамлекет ички жана тышкы саясатын өзүн аныктайт. Украинадагы конфликт боюнча айтсам, биз жаңжалдашып жаткан эки тарап менен тең бирдей жылуу мамиледебиз. Эки тарапты тең тынчтыкка жана келишүүгө чакырып жатабыз. Тышкы иштер министрлиги аркылуу элдештирүү сунушубузду да бергенбиз. Биз бир тарапты жактап, экинчи тарапты жектей албайбыз. Кыргызстандын позициясы - бейтарап болушу керек".