Украинанын бир нече күндөн бери курчоодо турган Мариупол шаарына орус күчтөрүнүн чабуулу 19-мартта да уланды. Чабуул украин президенти Владимир Зеленский 19-мартта "Фейсбук" аркылуу орус лидери Владимир Путинге кайрылуу жасагандан кийин күчөгөнү айтылууда.
Орусиянын Украинанын шаарларын бомбалоосу дүйнөлүк коомчулуктун согушту токтотуу чакырыгына карабай жүрүп келет.
Мариуполдук милиционер Михаил Вершнин батыш өлкөлөрүнө видеокайрылуу жасап, "Карыялар менен балдар набыт болуп жатат. Шаар кыйрап, жер менен жексен болду" деп айтканын Associated Press жарыялады.
Орусиянын аскердик учактарыМариуполдогу эл баш калкалап турган театрды бомбалаганы эл аралык коомчулук тарабынан катуу сынга алынды.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эл аралык укуктарды сактоого чакырган.
Орусия Украинада добуштун ылдамдыгынан тез жетүүчү ракета колдонгонун шардана кылды. Кремль негизинен аскер обьектилери аткыланып жатканын айтканы менен, иш жүзүндө бутага жай тургундар алынып жатканы сындалууда.
Украиналык аскерлер согушта өлгөн орусиялык аскерлердин сөөктөрүн туткундарга айырбаштоо максатында чогултуп жатышат.
Украинанын борбору Киевди көздөй жылууга аракеттенген орусиялык күчтөрдүн мизи кайтарылып, олуттуу жоготууларга дуушар болууда. 18-мартта украиналык спецназ орусиялыктардын сөөктөрүн чогултту, аларды орус тарапта туткундалган украиналык жоокерлерге алмаштырууга үмүттөнүп жатышат.
(Эскертүү! Видеонун мазмуну көрүүчүлөрдө тынчсыздануу жаратышы ыктымал)
Украинада согуш башталгандан бери 115 бала курман болуп, 140тайы жаракат алды. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы билдирди.
БУУнун маалыматына караганда, орусиялык күчтөр Украинага басып киргенден бери өлкөдө 847 жай тургун каза болуп, 1399 киши жаракат алды. Уюм иш жүзүндө курмандыктар жана жаракат алгандар мындан бир топ көп болушу ыктымалдыгын белгиледи.
Украин президенти Владимир Зеленский Мариупол шаарын курчоого алган орус күчтөрүн айыптады.
Мариуполдогу жергиликтүү бийлик орус күчтөрү 400дөй киши баш калкалаган искусство мектебин бомбалаганын маалымдады. 20-мартта президенттин Telegram баракчасында талкаланган урандылардын астында адамдар калышы мүмкүн экени жазылды. Бомбалоодон жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.