Украинадагы согуштук аракеттер башталгандан бери өлкө калкынын төрттөн бири, жалпы 10 миллиондой адам үйлөрүн таштап чыгып кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Филиппо Гранди “Твиттердеги” баракчасына жазды.
Бул санга өлкөнүн ичинде жер которгондор жана өлкөнүн сыртына чыгып кеткендер кошо кирет. Мекеменин маалыматына ылайык, 20-мартка чейин 3,4 миллиондой украин жараны, көбүнчө аялдар жана балдар башка мамлекеттерге качып чыгышты. 18 жаштан 60 жашка чейинки аскерге жарактуу курактагы эркектерге өлкөдөн чыгууга чектөө коюлган.
Украиналык качкындарды негизинен Польша, Румыния, Словакия, Венгрия, Молдова жана башка мамлекеттер кабыл алууда. Европа Биримдиги украиналыктарга уюмга мүчө 27 мамлекеттин аймагында үч жылга чейин жүрүү укугун берди.
Украин бийлиги Орусиянын Мариупол шаарын багынтып берүү талабынан баш тартты. Шаар бир нече күндөн бери бомба чабуулуна алынып, катуу бүлүндү. Орус аскерлери шаарды камалоого алып турат.
Орусия дүйшөмбү күнү таңкы бешке чейин жооп берүүнү талап кылып, шарт койгон. Ал шарт боюнча алды менен украин аскер бөлүктөрү шаардан чыгып кетиши керек. Андан кийин гана жай тургундар чыгуусуна уруксат берет.
Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук "Украинская правда" басылмасына курган маегинде: "Эч кандай багынып берүү, курал таштоо тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Биз бул тууралуу орус тарапка маалымдаганбыз. "Силер 8 барак катка убакытты текке кетиргендин ордуна – коридор эле ачып бергиле" деп жаздым. Биз эл аралык уюмдарга кайрылдык. Азыр биз эл аралык коомчулуктун реакциясын күтүп жатабыз. Бул атайын манипуляция жана адамдарды барымтага алуу”,-деп айтты.
Украинада согуш башталгандан бери өлкөдөн 3,5 миллионго чукул адам чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө мажбур болгонун Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, эң көбү Польшага (2 миллион адам), Румынияга (527 миң), Молдовага (362 миң), мындан тышкары Венгрияга, Словакияга, Орусияга, Беларуска жана башка өлкөлөргө чыгып кетишти.
Быйылкы жылдын башындагы эсепте Украина элинин саны (2014-жылы Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралын кошпогондо) 41 миллион болчу.
24-февралда Орусия Украинага кол салып, согуш уланууда. Эки тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрү азырынча оң натыйжа бере элек. Кремль муну кол салуу эмес, "атайын операция" деп атоодо.