Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл

Украинанын дрондору Орусия мунай заводдорун бутага алды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

13:43 21.3.2022

Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин маалыматында, Киевдин түндүгүндө жүрүп жаткан салгылашуулар тууралуу кабарланды. Анда орус аскерлеринин түндүк-чыгыштан чабуулу украин күчтөрүнүн катуу каршылыгына учураганы, Гостомел районунда украин күчтөрү чабуулду майтарганы айтылат.

Орусиялык күчтөр Киевдин борборунан 25 чакырым алыстыкта турат. Британдык мекеменин маалыматында, орус күчтөрү алдыга жылбаганы менен Киев алардын негизги бутасы бойдон кала берүүдө.

Мунун алдында Wall Street Journal басылмасы ысымын атабаган америкалык аткаминерлерге шилтеме жасап, “орусиялык күчтөрдүн Киевди тездик менен басып алуу пландары ишке ашпай калганын, эми Украинанын түштүк-чыгышындагы аймактарды басып алуу багытын өзгөртүшү мүмкүн” деп жазган.

15:20 21.3.2022

Орусиянын аскер күчтөрү Украинанын Ровно облусундагы аскердик полигонго ракеталык сокку урганын облустук администрациянын башчысы Виталий Коваль билдирди. Окуя боюнча кеңири маалымат бериле элек.

Подольск районундагы соода борборду аткылоо учурунда 8 адам каза тапканын “Украинская правда” басылмасы жазды.

17:29 21.3.2022

Франция Орусиянын Борбордук банкынын 22 млрд. евросун камакка алды

Франциянын бийлиги Москвага каршы салынган санкциялардын алкагында Орусиянын Борбордук банкынын 22 млрд. долларлык активин жана орусиялык бизнесмендердин 850 млн. евролук мүлкүн камакка алды. Бул тууралуу Франциянын финансы министри Брюно Ле Мэр жергиликтүү медиаларга берген интервьюсунда билдирди.

Орус олигархтарынын мүлкүн аныктоо иштерин аталган министрликтин алдындагы атайын түзүлгөн топ алып барууда. Алар ишин мындан ары дагы улантары айтылды.

Москва Украинага кол салгандан кийин АКШ жана Европа Биримдиги Орусиянын Борбордук банкына санкция салган. Натыйжада ал мекеме эл аралык резервиндеги 640 млрд. доллардай акчасынын көпчүлүк бөлүгүн иштете албай калды.

Мындан сырткары Орусияга АКШ доллар банкнотторун, Евробиримдик евро банкнотторун сатууга тыюу салды. Бул жана башка чаралар орус рублинин кунун кескин жоготту.

18:02 21.3.2022

Евробиримдиктин министрлери Орусияга жаңы санкцияларды караштырып жатат

Европа Биримдигинин мүчөлөрү – 27 өлкөнүн тышкы иштер министрлери жана коргоо министрлери 21-мартта Брюсселде чогулду. Мекемеден кабарлашкандай, алар Орусиянын Украинага кол салганы үчүн Москвага жаңы санкцияларды салуу маселесин карап жатышат.

Буга чейин Reuters маалымат агенттиги Евробиримдик Орусиянын мунайына тыюу салууну мерчемдеп жатканын жазган. Айрым дипломаттар бул боюнча уюмга мүчө өлкөлөр бир пикирге келе албай жатканын билдиришти.

Министрлердин жолугушуусунан кийин Евробиримдикке жана НАТОго мүчө мамлекеттердин саммити, G7 уюмунун алкагында ушул аптада сүйлөшүү өтөрү белгилүү болгон.

Маалыматтарга ылайык, Польша менен Балтика өлкөлөрү санкцияларды катаалдатууну, анын ичинде Евробиримдикке Орусиянын мунайын жана газын импорттоону чектөөнү жакташууда. Орус отунуна көбүрөөк көз каранды болгон Германия жана башка өлкөлөр буга каршы болуп жатышат.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эгер Орусиянын мунайы менен газына эмбарго киргизсе, Европа өзү көбүрөөк жабыркай турганын, бул аталган континентте энергетикалык балансты бузарын маалымдаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG