Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымды Украинанын чыгышындагы Кремл колдогон жикчил аймактар менен бириктирүү үчүн орто жолдогу Мариупол шаарына көзөмөлүн орнотууга аракет кылып келет. Орус армиясы украин бийлигинен 21-мартта Москва убактысы боюнча таңкы саат 5те шаарды өткөрүп берүүнү талап кылган.
Орус тарап Мариупол багынып бергенден кийин шаардан чыгыштагы Орусиянын аймагын жана батыштагы Украинанын башка облустарын көздөй гуманитардык коридор ача турганын билдирген. Москва бул талап четке кагылса, кандай чара көрөрүн так белгилеген эмес.
Бирок украин бийлиги жана Мариупол шаары бул талапты аткаруудан баш тартты.
Владимир Зеленский: Путиндин Украина менен согушту жыйынтыктоо ниети жок. Алар Европага карай жарым жолдо. Орусия өзүнө Балтика өлкөлөрүн, СССРдин мурдагы республикаларын жана соцлагердеги мурдагы өлкөлөрдү кайтаруу камын көрүүдө. Бул Үчүнчү дүйнөлүк согушка айланат.
Кремлдин позициясын жактаган “Комсомольская правда” гезити өз сайтында Украинадагы согушта орусиялык 9861 аскер өлгөнүн жазып, бир нече убакыттан кийин маалыматты кайрадан өчүрүп койду.
DPA жана The Wall Street Journal маалымат агенттиктери кабардын интернеттеги архивдик сайттарда сакталып калган версиясына таянуу менен аны өз платформаларында басышты. Ага ылайык маалыматты, гезит Орусиянын Коргоо министрлигинен алганын жазган.
“Комсомольская правда” кийин кабардын өчүрүлүшү тууралуу түшүндүрмө берип, “алардын сайтын кимдир бирөө бузуп кирип, маалыматты жайгаштырып койгондугун” билдиришти.
Москва өз жоготуусу тууралуу бир эле жолу, 2-мартта гана маалымат берген. Орусиянын Коргоо министрлиги анда 498 аскери өлгөнүн моюнуна алган. Ошондон бери курмандыктар жөнүндө маалымат жаңылана элек.
Украинанын бийлиги салгылашуу башталгандан бери Орусия 14 миңдей аскерин жоготконун билдирүүдө. Мунун ичинде өлгөндөр, жаракат алгандар жана колго түшкөндөр кошо саналууда. АКШнын Чалгын кызматы болсо согуш башталгандан бери 7 миңден 10 миңге чейинки орус аскери мерт болгонун америкалык сайттарга билдирген.
Украинанын Бориспол шаарынын мэри калаа тургундарын колдон келсе башка жактарга бара турууга чакырды.
21-мартта кезектеги видеокайрылуусунда мэр Владимир Борисенко “Согуш жүрүп жаткан башка шаарлардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, жайкын тургундар канчалык азыраак болсо, аскерлердин иши ошончолук жеңилирээк болот. Ишеним телефондоруна чалып, мүмкүн болсо шаардан кетиңиздер. Шарты жокторго жардам беребиз, өз алдынча кетүүгө шарты барлар машина менен колонна болуп чыга берсеңиздер болот” деп айтты.
Борисполь Киев облусунун аймагында жайгашкан шаар.
24-февралда Украинага кол салган Орусиянын аскерлери соңку күндөрү борбор калааны бутага алууда. 21-мартта шаардагы ири соода борборлорунун бирин орус армиясы тыптыйпыл кылды. Киевдин мэри Виталий Кличко бул соккудан кеминде сегиз адамдын өмүрү кыйылганын билдирди.
24-февралда эле Орусия Борисполдун аэропортуна ракеталык-бомбалык сокку урганын Украина тарап билдирген.