Орусияда Euronews телеканалынын сайтына бөгөт коюлду. Буга 21-марттагы өлкөнүн Башкы прокуратурасынын талабы негиз болгон.
Роскомнадзор "Интерфакска" Euronews каналынын сайтында Украинанын аймагында "Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн аскердик операциясы" тууралуу так эмес маалымат жана мыйзамсыз митингге чакырык жарыяланганын жүйө келтирген.
Роскомнадзор 4-мартта Орусиянын президенти орус армиясы тууралуу жалган маалыматты тараткандар үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган мыйзамга кол койгонун эскерткен.
- 24-февралда орус армиясы Украинага кол салгандан кийин Орусиянын өзүндө "Свобода" радиосу, "Настоящее Время", Крым.Реалии, "Америки добушу", New Times, "Тайга.инфо", DOXA, "Эхо Москвы", "Дождь", "Медуза", BBCнин орус кызматы, Deutsche Welle ж.б. жабылган. "Дождь", "Эхо Москвы" жана ТВ2 агенттиги Украинадагы согушту "согуш" деп атоого тыюу салынып, "орус армиясы тууралуу фейк таратууга тыюу салган" мыйзамга байланыштуу ишин токтоткон.
- Роскомсвобода долбоору согуш башталгандан бери Орусияда 500дөй медиа ресурсу жабылганын билдирди.
- ЖМКнын жүздөгөн журналисттери жана кызматкерлери Орусиядан чыгып кетти.
Орусиянын тергөө комитети украиналык журналист Дмитрий Гордонго каршы үч берене менен иш козголгонун кабарлады.
Комитет Гордонду согушту чечмелеп берген, улутка карата жек көрүүчүлүк кылган жана Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн аракеттери тууралуу фейк маалымат тараткан деп айыптап, иш козгогон.
- Орусиялык мекеме "журналист түз эфирде Орусияга кол салууга чакырып, ага каршы өзөктүк курал колдонуу керектигин айткан" деп айыптоодо. Андан тышкары "орусиялык аскерлердин бомба чабуулу жана жарандарды атканы тууралуу жалган маалымат тараткан" деп эсептейт.
Украинада cогушта каза болгону айтылып жаткан жигит Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөнү маалым болду. Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл аймагынын башчысы Эрлан Жумеков 22-мартта "Азаттыкка" билдиргендей, маркумдун сөөгү Кыргызстанга келе элек.
“Сөөктү бул жакка алып келе элек. Күтүп жатышат. Атасы бул жакта. 2002-жылкы бала экен. Орусиянын жараны. Башка маалымат жок”, - деди Жумеков.
Украинада согушта кыргыз жигит каза болгону тууралуу маалымат алгач 17-мартта чыккан. Фейсбук колдонуучулардын бири тааныштарынын орус армиясында төрт ай кызмат өтөгөн 19 жаштагы уулу согушта курман болгонун билдирип, маркумдун жакындарына көңүл айткан. Маалыматка караганда, аскер жигит жакындарына 22-февралда телефон чалып байланышкан. Анын Орусияда иштеген апасына Орусиянын тийиштүү мекемелери уулу 8-мартта каза болгонун, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрүн айтышкан.
Фейсбукка бул маалыматты жазган киши кийин постун өчүрүп койгон.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча маалымат бере албасын билдирди.
АКШнын президенти Жо Байден орус армиясынын Украинадагы ийгиликсиз аракеттеринен улам Орусиянын президенти Владимир Путин эмне кыларын билбей, бурчка такалгандай абалга келгенин билдирди.
Ал Вашингтондо бизнестин өкүлдөрү менен жолугушууда Путин “канчалык дубалга такалган сайын, ошончолук агрессивдүү аракеттерге барып жатканын” белгиледи. Буга мисал катары Орусиянын добуштан ылдам куралды колдонгонун мисал келтирди.
АКШ президенти Москва Украинада химиялык курал колдонушу мүмкүн деген кооптонуусун билдирди.
“Ал НАТО, Украина же Кошмо Штаттары жасайт деп сөз кылып жатса, демек ал ошону өзү жасоого камынып жатат. Мен олуттуу түрдө айтып жатам”,- деди Байден.
Мурдараак Орусиянын Коргоо министрлиги Украина химиялык куралды колдонуу менен чагым уюштурууну көздөп жатат деп маалымат тараткан. Жо Байден АКШда, Европада эч кандай химиялык же, биологиялык курал жок экенин белгилейт.
Орусиянын Коргоо министрлиги биринчи жолу Украинанын батыш бөлүгүндө үндөн ылдам учуучу "Кинжал" ракетасын колдонгонун 19-мартта билдирген. Муну Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги да ырастаган.