Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл

Украинанын дрондору Орусия мунай заводдорун бутага алды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:01 22.3.2022

Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-мартта укук коргоочу Азиза Абдирасулованы "Майда бейбаштык" беренеси боюнча актады. Сот Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесинде көрсөтүлгөн жосунсуз жоруктардын белгиси жоктугуна байланыштуу ишти кыскартты.

Ага карата экинчи берене - "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" боюнча жараян 24-мартка белгиленди.

Буга чейин укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров менен Динара Ошурухунова дагы ушул берене боюнча акталган. Ал эми Токтонасыров тыюу салынган жерде акция өткөргөнү үчүн "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" беренеси боюнча 3 миң сом айыпка жыгылган.

Үч укук коргоочу 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы согушка каршылык билдирип пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап, сотко жеткирилгенден кийин бошотулган. Ишти Биринчи май райондук соту карай баштаган.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирди.

Жарандык коом Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Киевди колдогон бир нече акция өткөрдү. Ошол эле маалда Москваны жактагандар да пикетке чыгууда.

Орусияны колдогон кезектеги акция 22-мартта Бишкекте, Максим Горький атындагы гүлбакта өттү. Ага катышкандар арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Евгения Строкова, саясат таануучу Токтогул Какчекеев, саясий эксперт Бакыт Бакетаев, Коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажибекова, студент, окуучулар бар. Мындан тышкары аскердик кийим кийип, эки өлкөнүн желектерин кармаган өспүрүмдөрдүн сүрөттөрү тараган.

Бишкек мэриясы мындан кийин эмгек кодексине ылайык клубдун жана мектеп өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги караларын маалымдады. Балдар шаардагы мектептердин биринин окуучулары экени аныкталган.

Мэрия шаардагы мектептер 21-марттан 31-мартка чейин жазгы каникулда экенин белгилеп, «алар иш-чарага аскердик-мекенчилдик клубунун мүчөсү катары катышкан жана ата-энесинин коштоосунда барган» деп билдирди.

17:14 22.3.2022

Орусиянын “Новая газета” басылмасынын баш редактору, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Дмитрий Муратов аталган наамдын медалын аукциондо сатып, түшкөн акчаны украиналык качкындарга, жарадарларга жана ооруканада жаткан балдарга берүүнү чечти. Бул тууралуу басылманын сайтында жарыяланды.

Анда журналист аукцион өткөрүүчү мекемелерге кайрылып, медалды сатып беришин өтүнгөн. Ал ок атышууну токтотууга, туткундарды алмашууга, сөөктөрдү кайтарууга, гуманитардык коридорлорду ачууга жана качкындардын коопсуздугун камсыздоого чакырды.

Дмитрий Муратов Нобелдин Тынчтык сыйлыгын 2021-жылы филиппиндик журналист Мария Ресса менен чогуу алган. Аларды сыйлоо аземи былтыр 10-декабрда Норвегиянын борбору Ослодо өткөн. Нобел комитетинин билдирүүсүндө, журналисттерге абройлуу эл аралык сыйлыкты “демократияга жана тынчтыкка өбөлгө түзгөн пикир эркиндигин коргоодогу аракеттери үчүн” берилген.

20:16 22.3.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Италиянын парламентине жолдогон видео кайрылуусунда, Орусиянын кол салуусунан Украинада 117 бала каза тапканын билдирди.

“Бир апта мурда Флоренция жана Европанын бир катар шаарларындагы митингдерде сөз сүйлөп, ошол маалда Украинада каза болгон балдар саны 79 болду, ушул трагедиялуу санды эстеп калгыла деп айткам. Азыр болсо, 119! Ошол күндөн 38ге көп. Кечиктирүүнүн куну ушундай. Согушту токтотуу үчүн Орусияга кысым көрсөтүүнүн кечиктирилишинин баасы ушундай болду”,-деди Зеленский.

21:13 22.3.2022

Орусия элчилиги Украинадагы согушта теги кыргызстандык жигит каза болгонун ырастады

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Телеграм каналы аркылуу Украинадагы согушта теги кыргызстандык орус жараны каза болгонун ырастады.

"Украинадагы демилитаризация жана денацификация боюнча атайын аскердик операцияда тапшырманы аткарып жатып Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, теги кыргызстандык орус жараны Дорбоев Эгемберди Бекказымович баатырларча курман болду", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта Орусия элчилиги каза болгон аскердин жакындарына көңүл айтканы кошумчаланган. Орусиянын бир катар маалымат сайттары Украинадагы согушта Дорбоев Эгемберди аттуу аскер 8-мартта каза болгонун жазып чыгышты.

22-мартта Орусиянын армиясында кызмат өтөп жүрүп, Украинадагы cогушта каза болгону айтылып жаткан кыргыз жигит Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөнү маалым болгон. Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл аймагынын башчысы Эрлан Жумеков анын сөөгү Кыргызстанга келе электигин "Азаттыкка" билдирген. Окко учкан жигит 19 жашта. Анын сөөгү эртең, 23-мартта Кара-Ой айылына коюлары кабарланган.

Кабарларга караганда, аскер жакындарына 22-февралда телефон чалып байланышкан. Анын Орусияда иштеген апасына тийиштүү мекемелер уулу 8-мартта каза болгонун, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрүн айтышкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG