Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл

Украинанын дрондору Орусия мунай заводдорун бутага алды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

22:30 22.3.2022

Украинадагы согуш: Польша-беларус чек арасында узун кезек жаралды

Орусиянын Украинага бастырып киришине каршы чыккан активисттер поляк-беларус чек арасында автоунааларды тосушту.

19-мартта Польшанын Кукурыки көзөмөл-өткөрмө бекетинде оор жүк ташыган жана башка автоунаалардын он чакты чакырымга созулган тыгыны пайда болду. Нааразылык акция 21-мартка чейин уланды. Анын катышуучулары Беларустун аймагына жүк өткөрүүгө эки жумадан бери тоскоол болуп келишет. Расмий Минскини "орус күчтөрү Украинага басып кириши үчүн Беларусту плацдармга айлантты" деп айыптап жатышат.

(Эркин Европа/Азаттык үналгасынын видеосу)

22:48 22.3.2022

Украинанын түштүгүндөгү Херсон шаарын басып алган орус аскерлери тынч митингге чыккандарга ок атышты. 21-мартта социалдык тармактарда жарыяланган видеодо шаардын Эркиндик аянтында кеминде бир адам жарадар болгонун, жергиликтүү тургундар орус баскынчылыгына каршы нааразылык акциясын улантып жатканын көрүүгө болот.

22:50 22.3.2022

Украинада окко учкан төрт тажик жаранынын сөөгү мекенине жеткирилди

Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн катарында Украинадагы согушка катышып, мерт болгон төрт тажик жаранынын сөөгү мекенине кайтарылды. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы жазды.50 жаштагы Сайдакбар Саидовдун сөөгү өзү туулган Хатлон облусунун Хамадони районунун Тудабойон айылында жерге берилди. Ал Украинанын кайсы жеринде каза болгону белгисиз. Жакындары журналисттерге кенен маалымат берүүдөн карманды.

Аталган айылдын башчысы, маркумдун агасы Ёрмухаммад Саидов бир тууганы көп жыл мурун Орусиянын жарандыгын алганын, акыркы мезгилде ал өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөп келгенин гана учкай айтты.

Украинадагы согушта каза болгондордун бири - 38 жаштагы Рамазон Муртазаев да ушул эле райондун тургуну болуп чыкты. Анын жакындары да “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчыларына комментарий берүүдөн баш тарткан.

Калган эки тажик жаранынын тек-жайы белгисиз. Айрым маалыматтарда ал жакта каза болгон тажикстандыктардын саны онго чейин жетиши мүмкүндүгү айтылды.

22:51 22.3.2022

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Орусиянын Украинага каршы чабуулун “абсурддук согуш” деп атап, ага кандай жол менен болбосун чекит коюлушу керектигин билдирди. 22-мартта Нью-Йоркто журналисттерге сүйлөп жатып ал жаңжалдан эч ким утпай турганын, кырылып жаткан адамдар гана бейкүнөө өлүп жатканын айтты.

“Украинадагы согуштун уланышы моралдык жактан кабыл алынгыс, саясий жактан өзүн актабайт жана максатсыз. Мариупол куласа да, бир шаардын артынан шаарды, көчөнүн артынан көчөнү, үйдүн артынан үйдү басып алышса дагы, Украинаны багындыра алышпайт. Бул согушта жеңүү мүмкүн эмес. Эртедир-кечтир ал согуш талаасынан сүйлөшүү үстөлүнө өтүшү керек. Бул абсурддук согушка чекит коюу зарыл”,-деди ал эки тарапты тең ок атууну токтотуп, сүйлөшүүлөргө өтүүгө чакырды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG