Польшадан орусиялык ондогон дипломаттар чыгарылышы мүмкүн
Польшанын контрчалгындоо кызматы орусиялык 45 депутаттын тизмесин түзүп, аларды өлкөдөн чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу атайын кызматка көз салган министрдин басма сөз катчысы билдирди.
Орусиялык элчи Польшанын ТИМине чакыртылды, анда ага дипломаттарды чыгаруу талабы берилиши мүмкүн. Эгер бул ишке ашса, эки өлкөнүн тарыхындагы урунттуу окуя болуп калмакчы.
Бир күн мурда Варшавадагы орус элчилигинин үстүнөн түтүн чыгып атканы тартылган сүрөт жана видеолор тарап кеткен.
Киевде Святошенски жана Шевченков районундагы жеке сектор менен соода борбору аткылоого кабылды. Бул тууралуу шаардык администрациянын жетекчисинин биринчи орун басары Николай Поворозник билдирди. Анын айтымында кеминде төрт адам жабыркаган.
Элдик депутат Галина Третьякова Бровары шаарына жакын аймакта атышуу болгонун билдирди. Ал орус аскерлери эт сактаган "Вел Мит Инвест" жана жашылча сактаган "Вери Тренд Инвест" кампасын атканын айтты.
Алдын ала маалыматта Броварыда бир нече тонна азык-түлүк күйүп кеткен, чыгым 600 млн. гривенди түздү.
Киевдин орус аскерлеринин аткылоосунан кийинки абалы. "Азаттыктын" украин кызматынын видеосу
Орусияда туткундарды алмашуу болгонун кабарлады
Бирок Украина бул маалыматты четке какты. Москва ага чейин туткундагы эки адам алмашылганын билдирген.
Украинанын вице-премьери Ирины Верещук "Менде андай маалымат жок. Орусия башка реалдуулукта жашап атат, эч кандай алмашуу болгон жок" деп билдирди.
Ага чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн расмий өкүлү Мария Захаровага таянып "Орусия менен Украина туткундарды алмашты" деп кабарлаган.