Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Еврокомиссия Орусияга каршы кезектеги санкцияларын макулдашты

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:38 23.3.2022

Мариуполдун азыркы көрүнүшү. Украина.

17:49 23.3.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский 23-мартта Жапониянын парламентинде видео байланыш аркылуу билдирүү жасап, Москванын агрессиясына санкция менен жооп кайтарганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал санкцияларды дагы кеңейтип, Орусия менен соода-сатыкка толук чектөө киргизүүнү өтүндү.

Зеленский буга чейин АКШнын Конгрессинде, Германиянын Бундестагында, Израилдин Кнессетинде билдирүү жасап, Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү суранган. Мындан сырткары эл аралык уюмдардын жана бирикмелердин платформаларында, ар кайсы өлкөлөрдө өткөн митингдерде да видео аркылуу сүйлөгөн.

00:12 24.3.2022

АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын Украинага каршы химиялык курал колдонуу коркунучун экинчи жолу эскертти.

“Менимче, ушундай коркунуч пайда болду”,- деди ал 23-мартта Вашингтондо журналисттерге жооп берип жатып.

Байден бир күн мурда жасаган билдирүүсүндө да орус армиясынын Украинадагы ийгиликсиз аракеттеринен улам Орусиянын президенти Владимир Путин эмне кыларын билбей, бурчка такалгандай абалга келгенин, ошол себептүү ал “химиялык же биологиялык курал колдонушу ыктымалдыгын” айткан.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг дагы 23-мартта Брюсселдеги билдирүүсүндө, Орусия украин жергесинде химиялык колдонуп жибериши мүмкүндүгүн билдирип, эгер андай жолго барса, ал “аскердик кылмыш катары караларын” кошумчалаган.

Ушул айдын башында Орусия АКШ Украинанын аймагында “биологиялык курал жасоо аракеттерин жүргүзүп келгенин” маалымдап, бул боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүүнү өтүнгөн.

Вашингтон менен Киев муну кескин төгүндөп, ага эч кандай далил жоктугун айтышкан. Алар орус тарап өзү “ушундай багыттагы куралды колдонууну пландап жаткандыктан, аны каршылаштарына шылтап коюуну көздөп жатат” деп айыптап чыгышкан.

00:13 24.3.2022

Беларустун бийлиги Брест шаарында жайгашкан украин консулдугун жаап, ал жерде жана Минскидеги элчиликте иштеген дипломаттардын бир бөлүгүн өлкөдөн чыгарарын жарыялады. Бул тууралуу БелТА маалымат агенттиги кабарлады.

“Украинанын Беларустагы элчилиги 1+4 форматында гана иштей алат. Башкача айтканда бир элчи жана төрт кызматкер калса болот”,- деди 23-мартта Беларустун Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Анатолий Глаз.

Мекеме өкүлү буга Украинанын дипломаттарынын “достукка жатпаган аракеттери” жана “Беларус менен болгон мамлекеттик ымаланы бузганы” себеп болгону менен түшүндүрдү.

22-мартта Беларустун Коопсуздук кызматы Украинанын Минксидеги элчилиги жана Бресттеги консулдугу чалгын иштерин жүргүзүп келгени аныкталганын билдирген. Мекеме украиналык дипмиссиянын 10 кызматкери Украинанын Коргоо министрлигинин жана Чалгын кызматынын өкүлдөру болгонун кабарлаган.

19-мартта Беларус өзү Украинадагы элчилигинин кызматкерлерин толук чыгарып кеткен. Эксперттер муну 24-февралда Орусия Украинага кол салганга чейин Киевдеги дипломаттарын чыгарып кеткенине окшоштурушуп, Беларус Украинага чабуул жасашы мүмкүн деп боолголошкон. Минск муну төгүндөп, элчиликтин кызматкерлери камоодо калганы жана коркутууларга кабылганы үчүн чыгарылып кеткенин билдирген.

Украинага кол салган орус аскерлери Беларустун аймагынан да кирип келишкен. Согуштук аракеттерге чейин алар беларус аскерлери менен машыгуу өткөрүп жатышкан эле. Расмий Минск алардын жоокерлери чабуулга аралашпаганын билдирип келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG