Орусиянын президенти Владимир Путин “дос эмес өлкөлөргө” газды экспорттоодо төлөмдү доллар менен эмес, рубль менен алууну тапшырды. Бул боюнча буйрукту ал Борбордук банкка жана өкмөткө берди.
“Интерфакс” агенттиги кабарлагандай, газга рубль менен төлөө операцияларынын тартиби бир аптанын ичинде аныкталып чыгат.
Украинага кол салгандан кийинки санкцияларга жооп катары Орусиянын өкмөтү 7-мартта "дос эмес өлкөлөрдүн" тизмесин түзгөн. Ага Евробиримдиктин мүчөлөрү, Британия, Канада, АКШ, Жапония, Швейцария, Микронезия, Сан-Марино сыяктуу 50 мамлекет киргизилген.
Президенттин буйругуна ылайык, бул тизмедеги мамлекеттер Орусиянын рыногунан газды рубль аркылуу сатып алышы керек болот. Муну үчүн алар алгач рублди сатып алуу үчүн өздөрү орус жергесине доллар же евро киргизүүгө аргасыз болушат.
Владимир Путин өз чечимин комментарийлеп жатып, “жамааттык Батыш өздөрүнүн валютасына гана ишенип, Орусияга санкция салып жатса, Евробиримдикке товарын жеткирип жаткан Орусияга дагы алардын валютасында акча алуунун мааниси жок” деди. Ал ошол себептүү “өзүн-өзү актабаган валюталар менен эсеп жүргүзүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алганын” кошумчалады.
Москва Украинага кол салгандан кийин АКШ доллар банкнотторун, Евробиримдик евро банкнотторун Орусияга ташууга тыюу салган. Мындан сырткары алар Орусияга караштуу доллар жана евро түрүндөгү резервдерин камакка алып, он чакты орус банкын SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан өчүргөн.
Бул орус жергесинде чет элдик валютада алып сатуу жүргүзүүнү татаалдатты. Өлкөдө накталай доллардын жана евронун тартыштыгы кескин байкалып, бийлик бир нече чектөөлөрдү киргизүүгө аргасыз болду.
Путиндин идеясына Батыш өлкөлөрүндөгү сатып алуучулар кандай реакция кылары белгисиз. Мурдараак Москвага киргизилген санкциялардын алкагында АКШ Орусиядан мунайды жана газды импорттоого тыюу салган, Евробиримдик орус газына олуттуу көз каранды болгондуктан, андан баш тарта элек. Германия баштаган өлкөлөр альтернатива издөөнү жанданткан.
Орусиянын Украина боюнча резолюциясынын долбоору Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде тийиштүү добуш топтой алган жок. Би-Би-Си 24-мартта маалымдагандай, ал долбоорго Орусия өзү жана Кытай гана добуш беришти.
Коопсуздук кеңешинин калган 13 мүчө өлкөсү добуш берүүдөн карманышты.
Кеңештин туруктуу мүчөлөрү болгон АКШ, Британия жана Франция ага вето коюшкан жок.
Резолюциянын долбоорунда атышууну токтотуу, согуш жүрүп жаткан аймактардан жайкын тургундарды эвакуациялоо чакырыктары жазылган. Бирок Коопсуздук кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү аны колдоодон баш тарткан негизги себеби – жаралган гуманитардык кризистин күнөөкөрү болгон Орусияга карата айыптоо жазылбаганы айтылды.
Орусиялык долбоорго тең автор болууга Беларус, Сирия жана Түндүк Корея макул болушту, бирок алар Коопсуздук кеңешинин мүчөсү эмес.
Евробиримдик Украинага бериле турган жардамын эки эсе көбөйттү
Европа биримдиги (ЕБ) Украинага бере турган аскердик жардамынын суммасын эки эсе көбөйттү. Уюм 23-мартта кабыл алган чечимге ылайык, 1 миллиард доллар бөлүнүп берилмей болууда.
Европа биримдигинин кеңешинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 28-февралда Украинага аскердик жардам катары 500 миллион евро бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алынган. Эми буга дагы ошончо сумма кошулат.
Бир миллиард еврого ЕБ бир жыл ичинде Украинага аскердик жабдык да, курал-жарак да жеткирип бере алат.
Украинада ракеталык чабуулдан The Insider басылмасынын кабарчысы Оксана Баулина каза болду. Басылма 23-мартта кабарлагандай, журналист редакциянын тапшырмасы боюнча Киевде орус аскерлеринин аткылоосуна кабылган Подольский районундагы абалды видеого тартып иштеп жаткан.
Буга чейин Оксана Баулина "Навальный LIVE" каналында, "Ачык Орусия" долбоорунда иштеген, “Свобода” радиосу жана "Медиазона" менен кызматташып келген.
2017-жылы “Свобода” радиосу Баулина тууралуу документалдык тасма тарткан. Ал кезде журналист "Навальный Live" каналынын башкы редактору болчу.