Украин армиясынын башкы штабы 24-мартта Бердянск портунда турган Орусиянын "Орск" десанттык чоң кемесин жок кылганын маалымдады. Социалдык түйүндөрдө кеменин өрттөнүп жаткан сүрөтү жана видеолору тарады.
Запорожск облустук администрациясы кемеге таңга жуук саат 7де чабуул болгонун билдирди. Мындан сырткары порттогу дагы эки кемеге зыян келтирилген, күйүүчү май ташыган резервуар жана ок-дары сактоочу кампа жок кылынган.
Үч күн мурда орусиялык мамлекеттик медиалар аталган кеме Бердянск шаарына аскердик техникаларды жеткиргенин кабарлашкан. Бердянск - Азов деңизинин боюнда, Мариуполь шаарынын жанында жайгашкан шаар.
"Орск" - Кара деңиз флотунун кемеси, ал 1968-жылы чыгарылган. Анын штаттык экипажы 55 адамды түзөт, ачык булактарда ал 300дөн 440ка чейин десантты ташып жүрө алат.
Согуштук аракеттер башталгандан бери орусиялык аскерлер 100гө жакын украин жаранын туткунга алды. Бул тууралуу 24-мартта Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук маалымдады.
Ал мунун арасында Змеиный аралын коргоп жатып орус тарапка колго түшкөн чек арачылар жана башка жарандар да бар экенин тактады. Верещук учурда туткундарды алмашуу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
Мурдараак Ирина Верещук Украинанын аймагында 562 орус аскери туткунга түшкөнүн айткан эле. Ошол эле маалда Москва аларга 270 украин жоокери колго түшкөнүн маалымдаганын, бирок 500дөн ашык украиналык аскер туткунда болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги туткундардын санын так айта элек. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги гана Москва менен Киев эки жолу туткундарды алмашканын кабарлаган.
Брюсселде НАТОнун Украина боюнча чукул саммити башталды
Брюсселде НАТОнун Украина боюнча чукул саммити башталды24-мартта Бельгиянын борбору Брюсселде НАТОнун Украинадагы кырдаал боюнча кезексиз саммити башталды. Анда уюмга мүчө мамлекеттер - АКШнын президенти Жо Байден, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана башка өлкөлөрдүн лидерлери катышууда.
Жыйында ок атышууну токтотуу, Орусияга каршы чараларды катаалдатуу, Киевге колдоо көрсөтүү жана башка маселелер каралат.
Саммиттин алдында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинага кол салуу менен Орусиянын президенти Владимир Путин “өтө чоң ката кетиргенин” айткан. Ал жолугушууда лидерлер коргонуу чараларын талкуулай турганын кошумчалаган. Столтенберг НАТО Европадагы аскерлерин төрт эсе көбөйткөнүн белгилеп, жаңы күчтөр Румынияга, Венгрияга, Словакияга жана Болгарияга жайгаштырыларын тактаган.
Жыйында Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыш өлкөлөрдүн лидерлерине видео кайрылуу жасайт деп күтүлүүдө. Ал 23-марттын кечиндеги кайрылуусунда демократиялык мамлекеттердин башчыларын Орусиянын “катуу жана каардуу күчүнө каршы” биригүүгө чакырган.
Мариуполдун бийлиги орусиялык аскерлер шаардын миңдеген жашоочуларын Орусияга күчкө салып алып кетип жатканын билдирди.
Мариуполдук шаардык кеңешинин маалымдашынча, Левобережный районунун (шаардын чыгыш тарабы) жашоочуларын алып кетишүүдө.
"Мыйзамсыз депортацияга 15 миң мариуполдук тургун кабылды. Бул Левобережный районунун жарым жашоочусу".
Айрым маалыматтарда формачан адамдар тургундарды автобуска күчтөп салып, паспорт жана башка украиналык документтерин тартып алууда. Андан ары фильтрациялык лагерге жеткирип, Орусиянын ар кайсы аймактарына бөлүп жатышат.
Мариуполдун жергиликтүү бийлиги Орусияга 6 миңдей адамды алып кетишкенин кабарлашууда.