Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык жигиттин сөөгү мекенине алынып келди. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдады. Азырынча маркумдун жакындары журналисттерге толук маалымат бере элек.
Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында туулуп-өскөн орус жараны Эгемберди Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.
Маркумдун жакындары анын курман болгонун 16-мартта укканын кабарлашкан. Орусиянын бир нече сайты ал 8-мартта каза болгонун жазышкан. Окко учкан жигит 19 жашта экени, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрү маалым болгон.
Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган.
24-мартта Бельгиянын борбору Брюсселде Украинадагы кырдаал боюнча кезексиз саммиттте НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлери Түндүк Атлантикалык уюмдун коопсуздугун чыңдоону макулдашты. Алар бирикменин Европадагы аскерлерин төрт эсе көбөйтүүнү, жаңы күчтөрдү Румынияга, Венгрияга, Словакияга жана Болгарияга жайгаштырууну чечти.
Саммиттен кийин басма сөз жыйынын өткөргөн уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТО Украинаны колдоону улантууну, ага курал жана жабдууларды жөнөтүүнү келишкенин билдирди. Конфликттин күчөп кетишин алдын алуу үчүн НАТО Украинанын аймагына аскерин киргизбөө боюнча мурдагы позициясында калганын тактады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский саммитте видео байланыш аркылуу кайрылуу жасап, Түндүк Атлантикалык уюмду Орусиянын агрессиясы менен күрөшүп жаткан Киевге колдоосун көбөйтүүгө чакырды. Ал уюмдагы танктар менен учактардын жок дегенде 1% болсо да Киевге берүүсүн өтүнүп, украин аба мейкиндигинде учууга тыюу салууну суранды.
Столтенберг аскердик жардам берүүнүн деталдары ачыкталбай турганын билдирип, бирок уюмдун лидерлери “Украинага учуусуз зона киргизүүдөн баш тартышканын” кошумчалады. Саммитте Столтенбергдин аталган кызматтагы мандатын 2023-жылдын күзүнө чейин узартуу чечими да кабыл алынды.
Соңку саммитке уюмга мүчө мамлекеттер - АКШнын президенти Жо Байден, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана башка өлкөлөрдүн лидерлери катышты.
АКШ Москванын Украинага кол салуусуна байланыштуу чараларын кеңейтип, Орусиянын Мамлекеттик Думасына өзүнчө мекеме катары жана анын 328 депутатына өз-өзүнчө санкция салды. Бул алардын АКШдагы мүлктөрүн камакка алуу, кирүүсүнө тыюу салуу жана башка чектөөлөрдү камтыйт.
Вашингтон мындан сырткары "Сбербанктын" жетекчиси Герман Грефти, миллиардер Геннадий Тимченконун аялын, Орусиянын коргонуу тармагындагы ишканаларынын башчыларын, ондогон компанияларды жана аскердик-өндүрүш менен байланышкан орус ишканаларын "кара тизмеге" киргизди.
Мурдараак Европа Биримдиги өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялап алган аймактарды Орусиянын таануусуна байланыштуу Мамдуманын 351 депутатына жана жогорку кызматтагы 27 аткаминерине санкция салган. Бул санкцияларды Улуу Британия дагы колдоду. Санкциялар орус аткаминерлеринин Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын аймагына киришине жана алар аркылуу өтүүсүнө тыюу салат. Уюмга мүчө мамлекеттердеги активдери камакка алынат, банктарда эсеп ача албайт.
БУУнун Башкы ассамблеясы согушту токтотууну талап кылды
БУУнун Башкы ассамблеясы Украинанын жай тургундарын жана жарандык инфраструктурасын коргоо резолюциясын кабыл алды, андан тышкары бул өлкөдө согушту тезинен токтотууну талап кылды.
Резолюцияга колдоо иретинде 193 мүчө мамлекеттин 140ы добуш берди. Сирия, Беларус, Түндүк Корея жана Эритерия Орусия менен кошо "каршы" болсо, 38 мамлекет калыс позицияны карманган.
Резолюцияда Орусиянын Украинага жана анын жай тургундарына каршы душмандык чабуулун токтотууну камтыйт. Документте жай тургундарды, медицина кызматкерлерин, гуманитардык уюмдардын кызматкерлерин жана журналисттерди коргоо зарыл экени айтылган.
Текстте Орусиянын дарегине Украинага бир ай мурда кол салуудан кийин "тирукмуш гуманитардык кырдаал" түзгөнү үчүн сын камтылган.
24-мартта Башкы ассамблея кабыл алган документ юридикалык күчкө ээ эмес, сунуш катары берилди.