Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму кыргыз бийлигин тез арада Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акция өткөрүүнү чектеген чечимин жана ошол жерде тынч пикет өткөргөнү үчүн кармалып, айыпка тартылган үч укук коргоочунун жаза чарасын жокко чыгарууга чакырды.
Уюмдун 24-марттагы билдирүүсүндө Кыргызстандын Конституциясында жыйын өткөрүү эркиндигин чектөөгө жол берилбей турганы, ал эми тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамда согушка же кастыкка үндөгөн жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүчү гана акцияларга соттун чечими менен тыюу салынары жазылганы белгиленди.
5-мартта элчилик алдында жарандык активисттер тобу Орусиянын Украинада согуш жүргүзүшүнө каршы акция өткөрүшкөн. Алардын бири Мирлан Асакеевди милиция кармап кетип, Жазык кодексинин "Ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренесинин негизинде 3 миң сом айыппул салган.
7-мартта ошол эле жерде Орусияны колдогон акция өткөн. Алардын эч кимиси кармалган эмес.
Бишкек милициясынын Орусиянын элчилигинин, парламент жана өкмөт имараттарынын, борбордук аянттын аймагында 11-марттан 11-апрелге чейин акция өткөрүүгө тыюу салган чечимин 16-мартта Биринчи Май райондук соту күчүндө калтырган.
Украинада орус армиясынын катарында жүргөн 19 жаштагы кыргыз жигит каза болду. Тажикстанга бул согушта мерт болгон кеминде төрт жарандын сөөгү жеткирилди. Украинада кимдер согушууда? Кремл өз максатын ишке ашыра албай калдыбы? Башталганына бир ай болгон согуш качан жана кантип токтойт? «Азаттыктын» «Биз жана дүйнө» берүүсү.
Бишкекте Украинанын элчилигинин алдына орусиялык аскерлердин кол салуусуна кабылган украин элине колдоо иретинде акция өттү. Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун билдиришинче ага 30дай адам катышты. Чогулгандарга Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко жолугуп, колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
Социалдык тармактын колдонуучулары 26-мартта Горький атындагы гүлбакта Орусиянын Украинага каршы кол салышын айыптаган акция өтөрүн жазышууда.
Буга чейин согушту айыптаган акциялар Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында өткөн. Буга удаалаш Москваны колдогон акциялар да өткөн.
Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлери согуштан кийин Украинаны калыбына келтирүүгө тилектештик фондун түзөт. Бул тууралуу биримдиктин кезексиз саммитинин жыйынтыгы боюнча документте жарыяланды.
“Европа Биримдиги Украинанын өкмөтүн кечиктирилгис муктаждыктар менен камсыздоодо жана Орусия тараптан ок атуу токтотулгандан кийин, демократиялык Украинаны калыбына келтирүүгө милдеттеме алат. Бул максат үчүн Европа Кеңеши Украина менен тилектештик фондун түзүүнү макулдашты жана башка эл аралык өнөктөштөрдү буга катышууга жана жардам берүүгө чакырат”,-деп айтылат уюмдун лидерлеринин кайрылуусунда.
24-мартта Брюсселде НАТО, “Чоң жети” жана Европа Биримдиги уюмдарынын саммиттери өттү. Украина президенти Владимир Зеленский кайрылуусунда, колдоону күчөтүүнү суранды. “Чоң жетинин” кайрылуусунда, “Орусиянын энерго-отундарына болгон көз карандылыкты төмөндөтүү” айтылды.