Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:19
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.

Украинадагы согушта Орусиянын жоготуулары 133 миң кишиден ашты

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:16 25.3.2022

Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлери согуштан кийин Украинаны калыбына келтирүүгө тилектештик фондун түзөт. Бул тууралуу биримдиктин кезексиз саммитинин жыйынтыгы боюнча документте жарыяланды.

“Европа Биримдиги Украинанын өкмөтүн кечиктирилгис муктаждыктар менен камсыздоодо жана Орусия тараптан ок атуу токтотулгандан кийин, демократиялык Украинаны калыбына келтирүүгө милдеттеме алат. Бул максат үчүн Европа Кеңеши Украина менен тилектештик фондун түзүүнү макулдашты жана башка эл аралык өнөктөштөрдү буга катышууга жана жардам берүүгө чакырат”,-деп айтылат уюмдун лидерлеринин кайрылуусунда.

24-мартта Брюсселде НАТО, “Чоң жети” жана Европа Биримдиги уюмдарынын саммиттери өттү. Украина президенти Владимир Зеленский кайрылуусунда, колдоону күчөтүүнү суранды. “Чоң жетинин” кайрылуусунда, “Орусиянын энерго-отундарына болгон көз карандылыкты төмөндөтүү” айтылды.

16:29 25.3.2022

16-мартта Орусиянын куралдуу күчтөрү бомбалаган Украинанын Мариупол шаарындагы драмтеатрда 300дөй киши каза тапкан болушу мүмкүн. Бул тууралуу Мариупол шаардык кеңеши күбөлөргө таянып билдирди. Набыт болгондордун так саны боюнча расмий тактоолор жок.

Драма театрдын имаратын жергиликтүү тургундар аткылоо жана бомбалоо учурунда баш калкалоочу жай катары пайдаланган. Алар маданий жайлар бутага алынбайт деген ойдо болушкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги болсо, алардын күчтөрү Мариуполдо эч бир имаратка сокку урбаганын “РИА Новости” маалымат агенттигине билдиришкен. Турак-жайлардын талкаланганы жана жарандардардын өлгөнү тууралуу көптөгөн фото, видеолор жарыяланганына карабай Москва башынан бери жайкын тургундарга ок атылганын төгүндөп келет.

16:43 25.3.2022

Австралия Лукашенкого, Жапония Песковго санкция салды

Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу Австралия менен Жапония Москвага жана Минскиге карата жаңы санкцияларды салды. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрү кабарлады.

Австралия “орус пропагандачыларын жана дезинформация таратуучуларын” кара тизмеге киргизди. Анда RT телеканалынын жетекчиси Маргарита Симоньян, теле алып баруучулар Тигран Кеосаян жана Ольга Скабеева баштаган 22 адам бар. Австралия жалпысынан Орусияга каршы 500дөн ашык санкция киргизди.

Австралиянын Тышкы иштер министрлиги мындан сырткары Беларуска каршы жаңы санкцияларды жарыялады. Чектөөлөр өлкөнү башкарып жаткан Александр Лукашенкого, анын аялы Галина менен уулу Викторго да салынды. Минскке санкциялар анын орус аскерлерине көмөктөшкөнү үчүн каралды.

Жапония жаңы санкциялардын ичинде Орусиянын 80 компаниясын жана 25 жаранын камтыды. Кара тизмеге президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, анын аялы Татьяна Навка жана уул-кыздары Елизавета менен Николай да кирди. Бул өлкөнүн жалпы санкциялары 101 фамилияны жана 130 компанияга каралган.

17:00 25.3.2022

Орус аскерлери Мариуполдогу драма театрына бомба таштаганынын кесепетинен өлгөндөрдүн саны 300гө жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Мариуполдун шаардык кеңеши күбөлөргө таянып айтты, азырынча расмий маалымат бериле элек.

Орус аскерлери Мариуполго аткылап, бомбалап жаткан учурда жергиликтүү тургундар драма театрдын имаратында баш калкалап жүрүшкөн. Кийин жайкын тургундар жана балдар бар экенине карабай, ал жайды тыптыйпыл кылышкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG