АКШ Европаны суюлтулган газ менен камсыз кылат
Кошмо Штаттары Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерди быйыл кеминде 15 млрд. куб метр америкалык суюлтулган газ менен камсыздоо тууралуу келишимге кол койду. Бул тууралуу 25-мартта АКШнын президенти Жо Байден менен Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен биргелешкен билдирүүдө жарыялады.
Алар келишимдин максаты Европанын орус газынан көз карандылыгын жоюу экенин билдиришип, 2030-жылга чейин Вашингтондун Евробиримдикке газ экспорту 15 млрд. куб метрге чейин жетерин айтышты.
“Бүгүн биз бул максатка жетүү үчүн биргелешкен иш-чаралар планын бекиттик. Муну менен катар келечекте таза энергияга өтүүнү тездетүүнү макулдаштык. Бул демилге эки негизги маселени чечет. Биринчиси - Европаны Орусиянын газынан көз карандысыз кылуу, экинчиси - Европанын газга болгон керектөөсүн кыскартуу”,-деди Байден.
Урсула фон дер Ляйен да Байдендин Орусиянын отунуна көз карандылыкты жоюу боюнча айтканын кубаттап:
"Андан баш тартууга умтулуп жатабыз. Буга газды, анын ичинде суюлтулган газды кошумча сатып алуу менен жетсе болот”,-деди.
Европа Биримдигиндеги өлкөлөр жылына 350-400 млрд. куб метр газ керектейт. Айрым маалыматтарга караганда, Европа мунун 40%ын Орусиядан сатып алат.
Орусиянын Коргоо министрлиги көп күндөн кийин өзүнүн жоготуулары тууралуу маалыматты жаңылап, 25-мартка карата 1351 аскери өлгөнүн, 3825 аскери жарадар болгонун билдирди.
Орусия акыркы жолу 2-мартта 500дөй жоокери өлгөнүн, 2 миңдейи жаракат алганын кабарлаган.
Апта башында Кремлдин позициясын жактаган “Комсомольская правда” гезити өз сайтында Украинадагы согушта орусиялык 9861 аскер өлгөнүн жазып, бир нече убакыттан кийин маалыматты кайрадан өчүрүп койгон.
Украинанын Коргоо министрлиги 25-мартка карата Орусиянын аскерлеринин жоготуусу 16 миңден ашканын кабарлоодо. Мунун ичинде өлгөндөр, жарадарлар жана туткунга түшкөндөр кошо саналууда. АКШнын Чалгын кызматы болсо согуш башталгандан бери 7 миңден 10 миңге чейинки орус аскери өлгөнүн америкалык сайттарга билдирген.
Орусиянын жана Украинанын өкүлдөрү эки тараптын сүйлөшүүлөрүндө жылыштар бар экенин төгүндөштү. Мурдараак арачы түшүп жаткан Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган орустар жана украиндер айрым маселелерде бир пикир таба алышканын маалымдаган.
Эрдоган жакын арада Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшмөк. Аны утурлай жасаган билдирүүсүндө түрк президенти жергиликтүү медиаларга согушкан тараптар ортодогу алты маселенин төртөө боюнча келишүү тапканын айткан.
Алар Украинанын НАТОнун мүчөлүгүнөн баш тартуусу, өз өлкөсү үчүн коопсуздук кепилдиги, украин армиясынын куралдануусун чектөө жана орус тилинин расмий макамын киргизүү. Түрк президентинин айтымында, Киев Орусиянын Крымды аннексиясын жана “ДЭР” менен “ЛЭР” түзүмдөрүнүн көз карандысыздыгын гана тааныбай турганын билдирген.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба “Украинская правда” басылмасына курган маегинде, Эрдоган айткан айрым нерселер боюнча тил табышуу бар экенин, бирок сүйлөшүүлөр аталган алты маселе менен гана чектелип жатканын төгүндөдү.
Кулеба мунун ичинде украин тили жалгыз мамлекеттик тил болуп каларын белгиледи. Министрдин сөзүнө караганда, Украина биринчи кезекте ок атууну токтотууну, коопсуздук кепилдигин жана аймактык бүтүндүгүн талап кылып жатат. Ал Орусия менен сүйлөшүү өтө оор жүрүп жатканын кошумчалап, аны уюштуруп жаткан Түркияга ыраазычылык билдирди.
Орус делегациясынын жетекчиси Владимир Мединский өз кезегинде Украинанын нейтралдуу макамы Орусия үчүн аздык кыларын билдирди. Анын айтымында, Москва кол салуунун башында айтылган денацификация, демилитаризация, Крымдын макамын таануу жана Донбасстагы жикчил “республикаларды” таануу тууралуу Орусиянын талаптарынын бардыгы кошулган “комплекстүү келишимди” кабыл алууну талап кылып жатат. Мединский Украинаны сүйлөшүүнү созуп жатканы үчүн айыптады.
Maxar Technologies компаниясы 24-мартта Украинанын Бердянск портуна жасаган соккусунан кийинки жаңы спутник сүрөттөрүн жарыялады.
24-мартта Украин армиясынын башкы штабы Бердянск портунда турган Орусиянын "Орск" десанттык чоң кемесин жок кылганын маалымдаган. Социалдык түйүндөрдө кеменин өрттөнүп жаткан сүрөтү жана видеолору тараган эле.