Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:36
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.

Украинадагы согушта Орусиянын жоготуулары 133 миң кишиден ашты

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

23:29 25.3.2022
Жо Байден поляк-украин чек арасында турган америкалык аскерлер менен жолукту. 25-март, 2022-жыл.
Жо Байден поляк-украин чек арасында турган америкалык аскерлер менен жолукту. 25-март, 2022-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден Европа сапарынын алкагында 25-мартта украиналык качкындарды кабыл алып жаткан Польшанын Жешув шаарына келди. Анда поляк президенти Анджей Дуда менен гуманитардык кризисти талкуулады.

Орусия Украинага басып киргенден кийинки өлкөдөн качкан 3,5 миллиондой адамдын 2 миллиондон ашууну Польшага өткөн.

Аларды кабыл алуу, жайгаштыруу жана жардам берүү иштерине жергиликтүүлөр менен чогуу НАТОнун миссиясынын алкагында келген америкалык аскерлер да көмөктөшүүдө. Өз сапары учурунда Байден поляк-украин чек арасында турган америкалык аскерлер менен жолукту.

Жо Байден 24-мартта Брюсселде НАТОнун, “Чоң жетинин” жана Европа Биримдиги уюмдарынын саммиттерине катышты. Ал жыйындарда Украинага колдоо көрсөтүү жана Орусияга каршы чараларды көрүү маселери каралды.

Саммиттен кийинки басма сөз жыйындарында Жо Байден Вашингтон украиналык качкындарды колдоо үчүн 1 млрд. доллар бөлөрүн, АКШ 100 миңдей качкынды кабыл аларын маалымдады. Мурдараак Ак үй америкалык президент турненин алкагында Украинага кирбей турганын тактаган.

00:10 26.3.2022

Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков согуштук аракеттер башталгандан бери Украина 14 миң аскерин жоготуп, 16 миң аскери жарадар болгонун маалымдады. Бул тууралуу ал атайын брифингде маалымдап, Украинанын аскердик жоготуусу жалпы 30 миңге жетти деди.

Конашенков "Украина салгылашуу башталгандан бери абадан коргонуу күчтөрүнөн, аскердик авиациясынан жана аскердик флотунан толук айрылганын” айтты.

Орус тарап муну менен Москва атаган “атайын аскердик операциянын биринчи этабы демилитаризация тууралуу өз максатына жалпы жонунан жеткенин, Украинанын куралдануусу төмөндөтүлгөнүн” билдирүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү ошондой эле орус аскерлери Украинанын Херсон облусунун бардык аймагына, Запорож облусунун көпчүлүк аймагына көзөмөл орнотконун, Киев, Харьков, Чернигов, Сумы жана Николаев шаарлары камалоого алынганын белгилейт. Ал Орусиянын аскерлеринин мындан аркы максаты Донбассты бошотуу экенин кошумчалады.

Мурдараак Орусиянын Коргоо министрлиги көп күндөн кийин өзүнүн жоготуулары тууралуу маалыматты жаңылап, 25-мартка карата 1351 аскери өлгөнүн, 3825 аскери жарадар болгонун билдирген. Украинанын Коргоо министрлиги болсо Орусия өлгөндөрдү жана жарадарларды кошкондо 16 миңден ашык аскерлерин жоготконун маалымдаган.

10:30 26.3.2022

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Украинаны орус агрессиясынан сактап калуу үчүн Европа аткарышы керек болгон 10 пунктан турган планы тууралуу айтты.

План Politico басылмасында жарыяланган. Моравецкинин айтымында, бул Польша, Чехия жана Словениянын биргелешкен кайрылуусу.

Сунушталган пункттар:

  • Орусиянын бардык банктарын SWIFT системасынан ажыратуу;
  • Украинада согушуудан баш тарткан орус аскерлерине башпаанек берүү саясаты;
  • Европадагы орус пропагандасын толук токтотуу;
  • Европанын портторунда орусиялык кемелерди тосуу;
  • Орусияга жана ал жактан келген жол кыймылын жабуу;
  • Орус олигархтарынын бизнес чөйрөсүнө санкцияларды киргизүү;
  • Бардык орусиялыктар үчүн Европага виза берүүнү токтотуу;
  • "Бирдиктүү Орусиянын" бардык мүчөлөрүнө карата санкцияларды киргизүү;
  • Аскердик максатта колдонулушу мүмкүн болгон ар кандай технологияны Орусияга экспорттоого тыюу салуу;
  • Орусияны бардык эл аралык уюмдардан чыгаруу.

Буга чейин Польша Украинага эл аралык тынчтык орнотуучу миссиясын жөнөтүүнү сунуштаган, бирок бул идея НАТОнун жакында өткөн саммитинде талкууланган эмес.

14:09 26.3.2022

Америкалык жана канадалык окумуштуулар "орусиялык окумуштууларды четке сүрүп салбоого" чакырышты. Маалымат Science журналына жарыяланды.

"Биз Батыштын украиналык окумуштууларды колдоосуна тилектешпиз. Ошол эле маалда биз өлкөбүздү, илимий жана технологиялык чөйрөнү орусиялык илимпоздорду орус өкмөтүнүн аракети үчүн кодулабоого чакырабыз".

Кайрылуунун авторлорунун бири Гарвард университетинин профессору, физик, АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын илим жана технология боюнча кеңешчиси Жон Холдрен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG