Украинада согушта Орусиянын жарандыгын алган теги кыргызстандык 26 жаштагы Рустам Зарифулин каза тапканы белгилүү болду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Кара-Балта шаардык мэриясынан ырасташты.
Маркумдун сөөгүн алып келген учак бүгүн Канттагы Орусиянын аба базасына түнкү саат 3тө конгон.
Маалыматка ылайык, маркум Кара-Балта шаарында туулуп-өскөн. Мектепти бүтүргөндөн кийин Орусиянын жарандыгын алып, аталган өлкөнүн армиясында келишимдик негизде кызмат кылып жүргөн. Анын ата-энеси жана бир туугандары Кара-Балта шаарында жашайт.
Рустам Зарифулин 14-мартта Украинадагы согушта каза болгон. Анын сөөгүн тосуп алууга жакындары, Орусиянын Канттагы аскер базасынын жетекчилиги катышты. Зарифулиндин сөөгү 27-мартта Кара-Балтада жерге берилет.
Украинада каза болгон теги кыргызстандык аскер боюнча Орусиянын Бишкектеги элчилиги маалымат тарата элек.
Буга чейин Украинадагы согушта орус жарандыгын алган кыргызстандык 19 жаштагы Эгемберди Дорбоев окко учканы белгилүү болгон. Анын сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилди.
Бишкектеги Максим Горький атындагы сейилбакта Украинага тилектештик акциясы өтүп жатат. Ага 50дөн ашык адам катышууда. Арасында бир катар жарандык активист, журналисттер бар.
Акциянын катышуучулары колдоруна «Кыргызстан Украина менен», «Жаша Украина» деген плакаттарды, Украина жана Кыргызстандын тууларын кармап турат. Иш-чара бир айдан бери уланып жаткан Украинадагы согуштун курмандыктарын эскерүү менен башталды.
Акцияда сөз сүйлөгөндөр "Кыргызстан Бажы биримдигинен чыксын", "Өлкө аймагында орус телеканалдарын көрсөтүү үчүн бюджеттен акча төлөнбөшү керек" деген талаптарды айтышууда.
Буга чейин Орусияны колдогондор 22-мартта Бишкектин Максим Горький атындагы гүлбакта акцияга чыгышкан. Алар Орусиянын Украинага жасаган "аскердик операциясын" колдой турганын айтышкан.
БУУ: Мариуполдо 200дөн ашуун сөөк бир жерге көмүлүшү мүмкүн
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Украинадагы адам укуктары боюнча тобунун башчысы Матилда Богнер байкоочулар үч аптадан бери орус армиясынын курчоосунда турган Мариуполдогу массалык көмүүлөр боюнча кошумча маалымат алышканын жума күнү билдирди. Анын айтымында, мындай боордоштор көрүстөнүндө 200дөй адамдын сөөгү болушу мүмкүн. Богнердин айткандарын Reuters жазып чыкты.
"Биз Мариуполдогу массалык көмүүлөр туурасында барган сайын көбүрөөк маалымат алып жатабыз", - деди Богнер күбөлөрдүн сөздөрүн гана эмес, спутниктен тартылган сүрөттөрдү да келтирип.
Украинанын аймагында 50дөй кызматкери иштеп жаткан БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгы Орусия бул аймакка басып кирген 24-февралдан тартып 1081 жайкын тургун каза болгонун билдирди. Өлкө бийлиги Мариуполдогу жайкын тургундар башкалкалап турган драма театрга жасалган соккудан бери дегенде 300 киши өлгөнүн ырастады. Андыктан согуш башталгандан бери каза болгондордун саны дагы өсүшү ыктымал.
Буга чейин Донецк облустук аскер администрациясынын башчысы Павел Кириленко "Настоящее Времянын" эфиринде шаарды аткылоо уланып жаткандыктан, каза болгондордун так санын аныктоо мүмкүн болбой жатканын айткан.
АКШ президенти Жо Байдендин Европа өлкөлөрүнө жасаган сапары аягына чыгууда. Ал сапарынын акыркы күнү Польшанын борбору Варшавада бул өлкөнүн президенти Анжей Дуда менен жолугат жана билдирүү жасайт. Ак үйдүн өкүлдөрүнүн маалымдашынча, Байден өз сөзүндө «эркин дүйнөнү» Орусиянын Украинага кол салуусуна каршы чыгууга жана орус президенти Владимир Путинди токтотууга багытталган экономикалык чараларды биргеликте көрүүгө чакырат.
Байден үч күнгө созулган Европага сапарынынын жүрүшүндө Брюсселде НАТОнун, “Чоң жетинин” жана Европа Биримдиги уюмдарынын саммиттерине катышты. Ал жыйындарда Украинага колдоо көрсөтүү жана Орусияга каршы чараларды көрүү маселелери каралды.
Европа сапарынын алкагында 25-мартта АКШ президенти украиналык качкындарды кабыл алып жаткан Польшанын Жешув шаарына да барды. Анда поляк президенти Анжей Дуда менен гуманитардык кризисти талкуулаган. Байден Польшадагы Кошмо Штаттардын аскер бөлүгүн зыярат кылды.
Мындан сырткары ишембиде Жо Байден Польшада баш калкалап жаткан украиналык качкындар менен жолугары да күтүлүүдө.