Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:08
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.

Украинадагы согушта Орусиянын жоготуулары 133 миң кишиден ашты

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

19:37 26.3.2022

Хакерлер Орусиянын Борбордук банкынын системасын бузганын жарыялады

Anonymous хакерлер тобу Орусиянын Борбордук банкынын системасын бузганын айтып, мекемеге тиешелүү 28 гигабайт маалыматты жарыялады. Документтерди шилтемесин аталган топ өзүнүн “Твиттердеги” баракчасына жайгаштырды.

Хакерлер документтерди интернетти ар кайсы бөлүктөрүнө таратышканын, эгер алар цензурага кабылса, алар жаңы шилтемелерди бөлүшөрүн маалымдашты.

“Би-Би-Синин” орус кызматы бир сыйра изилдөөдөн кийин файлдардын арасында жүздөгөн аудитордук келишимдер жана коммерциялык банктардын ээлери тууралуу маалыматтар бар экенин жазды. Хакерлер Борбордук банктын жашыруун макулдашууларын да таап алышканын билдиришти.

Anonymous Орусиянын президенти Владимир Путинге да кайрылуу жолдоп, мындан ары хакерлер анын өзүн аңдый турганын, ал коргогон олигархтардын каражаттарына тиешелүү документтерди мындан ары да жарыялай беришерин айтышты.

19:39 26.3.2022

Жо Байден Варшавада Украинанын министрлери менен жолукту

АКШнын президенти Жо Байден 26-мартта Польшанын борборук Варшавада Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жана коргоо министри Алексей Резников менен жолукту. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы кабарлады.

Кездешүүгө АКШ тараптан мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жана коргоо министри Ллойд Остин да катышты.

Бул Орусиянын Украинага чабуулу башталгандан бери америкалык жана украиналык тараптардын жогорку деңгээлдеги биринчи жолугушуусу. Алексей Резников “Твиттерге” жазгандай, тараптар анда Украина менен АКШнын ортосундагы саясий жана коргонуу багыттарындагы соңку маселелерди талкуулашты.

АКШ президенти Жо Байдендин Европа өлкөлөрүнө жасаган сапары аягына чыгууда. Ал сапарынын акыркы күнү Польшанын борбору Варшавада бул өлкөнүн президенти Анжей Дуда менен жолугат жана билдирүү жасайт. Ак үйдүн өкүлдөрүнүн маалымдашынча, Байден өз сөзүндө «эркин дүйнөнү» Орусиянын Украинага кол салуусуна каршы чыгууга жана орус президенти Владимир Путинди токтотууга багытталган экономикалык чараларды биргеликте көрүүгө чакырат.

21:23 26.3.2022

26-мартта “Газды экспорттоочу өлкөлөрдүн форуму” уюмунун Дохадагы жыйынында Украинанын президенти Владимир Зеленский күтүүсүз видео кайрылуу жасап, энергоресурстарга бай өлкөлөрдөн жаратылыш газын өндүрүүнү көбөйтүп, Орусияны бул рыноктогу үстөмдүгүн азайтууну суранды.

Мунун себебин мунайдын жана газдын импортуна көз каранды болгон өлкөлөр менен мамиле кылууда Москва энерго-отундарды экспорттоону рычаг катары колдонуп жатканы менен түшүндүрдү.

“Мен энергия өндүрүүнү көбөйтүүнү суранам, Орусиядагылардын баары энергияны шантаждын куралы катары пайдалануу туура эместигин түшүнүшү керек”,-деди Зеленский.

“Газды экспорттоочу өлкөлөрдүн форуму” (Gas Exporting Countries Forum (GECF)) уюмуна Алжир, Боливия, Венесуэла, Египет, Иран, Катар, Ливия, Нигерия, Орусия, Бириккен Араб Эмираттары, Тринидад жана Тобаго, Экваториалдык Гвинея мамлекеттери туруктуу мүчөлүк кылат. Уюмдун баш кеңсеси газды экспорттоодо дүйнөдөгү лидерлердин бири болуп саналган Катардын борбору Дохада жайгашкан.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Батыш киргизген санкциялар орус газынын экспортун азайткан. Европа Биримдигиндеги жана башка мамлекеттер Орусиянын мунайынан жана газынан көз карандылыкты жоюу аракеттерин күчөттү.

21:34 26.3.2022

Бишкектеги Максим Горький атындагы сейилбакта Украинага тилектештик акциясы өтүп, ага 50дөн ашык адам катышты. Арасында бир катар жарандык активист, укук коргоочулар жана журналисттер бар. Акцияда сөз сүйлөгөндөр кыргыз бийлигинен туура саясат жүргүзүүнү, Орусия үчүн маанилүү уюмдардан чыгууну талап кылышты. Ал арада Украинада согушта Орусиянын жарандыгын алган теги кыргызстандык дагы бир жигит каза болгону белгилүү болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG