Украинанын аймагына кол салгандан бери орус аскерлери 4500дөй үйдү, 100гө жакын ишканалардын имаратын, 400дөй билим берүү жана 150дөй саламаттык сактоо мекемесин жок кылышты. Бул тууралуу Украинанын аймактарды жана жамааттарды өнүктүрүү министри Алексей Чернышев атайын брифинг учурунда билдирди.
Министир инфратүзүмгө келтирилген чыгымдын акыркы эсеби согуштук аракеттер токтогондон кийин жана миналар тазалангандан кийин чыгарыларын тактады.
Алексей Чернышев өкмөт Украинаны калыбына келтирүү планынын үстүнөн иштеп жатканын, иш ок атышуу токтотулганына карап баштала турганын кошумчалады.
АКШнын президенти Жо Байден Европа сапарынын алкагында 26-мартта Варшавада баш калкалап жаткан украиналык качкындар менен учурашты. Президент алар менен баарлашып, балдарды кучактады.
“Бүгүн мен Польшага качып чыккан украиналыктар менен жолуктум. Алардын көзүндөгү эмоцияларды сезиш үчүн бир тилде сүйлөштүн кереги жок болду”, - деп жазды Байден Твиттер баракчасына.
Жолугушуу учурунда ошол жердегилердин бири “ушундай кесепеттерге алып келген Орусиянын президенти Владимир Путинди кандай баалайсыз?” деген суроо берилди. Байден ага "Путин касапчы” деп жооп узатты. Ал орус президенти согуштун стратегиясын өзгөртүп, Украинанын чыгышында гана чабуулдарды улантып жатканын кошумчалады.
Жо Байдендин Путинге карата баасын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков айыптоо менен комментарийлеп, “Югославияны аткылоону жактаган адамдан мындай сөздү угуу таң калычтуу” деди.
Львов шаарын ракета менен аткылоодон беш адам жабыркады. Бул тууралуу Львов облустук аскердик администрациясынын башчысы Максим Козицкий билдирди.
Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусия тараптан Львов шаарына алты жолу ракетадан сокку урулганын 27-мартка караган түнү билдирди.
Маалыматка караганда, ракета күйүүчү май базасына жана бронетанк заводунун айланасына тийди.