Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.

Украинадагы согушта Орусиянын жоготуулары 133 миң кишиден ашты

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

12:44 27.3.2022

Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балта шаарында жерге берилди. Бул тууралуу шаардын тургундары кабарлашты. 26 жаштагы маркумдун сөөгү ата-энеси жашаган үйдөн чыгарылды. Зарифилинди акыркы сапарга узатууга жакындары, кол-коңшулары жана Орусиянын Канттагы аскер базасында кызмат өтөгөн жоокерлер катышкан.

Рустам Зарифулин - Украианага Орусиянын армиясынын катарында барып, каза тапканы расмий ырасталган жана сөөгү киндик кан тамган жерине жеткирилген теги кыргызстандык экинчи жаран.

Ал Кара-Балтада туулуп-өсүп, 18 жашында Орусия жарандыгын алган. Сегиз жыл мурда орус армиясынын катарына кошулган, 14-мартта Украинанын Изюм шаарынын жанындагы согуштук аракет учурунда каза болгон.

Буга чейин Украинадагы согушта орус жарандыгын алган 19 жаштагы Эгемберди Дорбоев окко учкан. Анын сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдөгү Кара-Ой айылына коюлган.

18:15 27.3.2022

Орусиянын медиа жана байланыш тармагын тескеген Роскомнадзор мекемеси "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун казак, тажик жана түркмөн кызматтарынын орус тилиндеги сайттарын тыюу салынган веб-баракчалардын тизмесине кошту. Мындай чектөө 26-марттан тарта күчүнө киргенин орусиялык көз карандысыз "Медиазона" маалымат сайты "Роскомсвобода" укук коргоо долбооруна шилтеме кылып билдирди.

Буга чейин Роскомнадзор Орусияда же орус тилинде иш алып барган "Медиазона" сыяктуу бир катар көз карандысыз маалымат каражаттарынын сайттарын жапкан. Алардын арасында "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун бир нече редакцияларынын, Би-Би-Си корпорациясынын орус кызматынын веб-сайттары да бар.

Орусия армиясы 24-февралда Украинага кол салгандан бери орус бийлиги маалымат каражаттарына көзөмөлдү ого бетер күчөткөн жана журналисттерди Украинадагы согушту "аскердик операция" деп атоого милдеттендирген. Ошондой эле Мамлекеттик Дума медиа каражаттарынын ишин чектеген бир катар мыйзамдарды кабыл алган. Ага ылайык, Орусияда армия, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана мамлекеттик органдар тууралуу "жалган маалымат" тараткандар кылмыш жообуна тартылат.

Мындай талаптардан улам CNN, Bloomberg, CBS сыяктуу бир катар эл аралык маалымат каражаттары Орусиядагы ишин токтоткон. Орус бийлиги Инстаграм сыяктуу айрым социалдык тармактарга да өз аймагында тыюу салган.

18:45 27.3.2022

Орусиянын күчтөрү Украинадагы күйүүчү май жана азык-түлүк сакталган кампаларга сокку ура баштады. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министринин орун басары Вадим Денисенко 27-мартта билдирди.

Анын айтымында, украин бийлиги эми кара май жана тамак-аштын запастарын бир жерге топтобой, ар кыл аймактарга таратып, бөлүп сактайт.

Ишемби жана жекшемби күндөрү Орусиянын күчтөрү Украинанын батышындагы Львов шаарындагы күйүүчү май кампасына жана аскердик жайга ракета аткан. Украин бийлиги билдиргендей, бул чабуулдардан беш киши жараат алды.

Украинанын ички иштер министринин орун басары Вадим Денисенко Орусия украин чек арасына өз күчтөрүн топтоп жатканын, бул Москва Украинада жаңы чабуулдарга даярданып жатканын туюнта турганын кошумчалады.

Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин 27-мартта жарыяланган талдоосуна ылайык, орус күчтөрү Харьков аймагынан түштүктү жана Мариуполдон түндүктү көздөй алдыга жылууга аракет кылууда. Муну менен Орусия Украинанын чыгышындагы украин күчтөрүн курчоого алууну көздөп жатышы мүмкүн.

21:05 27.3.2022

Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын кызматынын башчысы, генерал Кирилл Буданов Орусия Украинаны экиге бөлүүнү көздөп турганын айтты. Анын мындай билдирүүсүн Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы 27-мартта жарыялады.

Анда Буданов орус президенти Владимир Путин Киевдин айланасындагы ийгиликсиз чабуулдарынан жана борбордук бийликти кулатуу боюнча натыйжасыз аракеттеринен кийин багытын өзгөртүп, Украинанын түштүгү менен чыгышына басым жасай баштаганын, Москва "корей сценарийин" Украинада ишке ашырууну караштырып жатканын белгилеген.

"Башкача айтканда, ал биздин өлкөнүн оккупацияланбаган жана оккупацияланган аймактарынын ортосунда бөлүштүрүү линиясын таңуулоого аракет кылат. Иш жүзүндө бул Украинада Түндүк жана Түштүк Кореяны түзүү аракети. Анткени ал мамлекеттин баарын басып алууга алы келбейт", - деп айтты генерал.

Ошондой эле Буданов Украинанын орус күчтөрү басып алган аймактарында украиндердин партизандык согушу жакын арада баштала турганын да кошумчалады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG