Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кырдаал боюнча жаңы маалыматтарын жарыялады. Анда орусиялык аскер күчтөрү Киевдин түндүк-батышында жана чыгышында негизги жолдорду жана калктуу конуштарды өз көзөмөлүнө алууга аракеттенип жатканы кабарланды. Украин күчтөрү коргонуп, чабуулду токтотууда деп айтылат маалыматта.
Билдирүүдө өлкө түштүгүндө негизги украин күчтөрү Кривой Рог, Запорожье жана Николаевди коргоо үчүн топтолуп жатканы белгиленген.
Украинада аскердик маалыматты жайылтууну чектеген мыйзам кабыл алынды
Украинанын президенти Владимир Зеленский өзгөчө кырдаал маалында аскердик маалыматты жайылтууну чектеген мыйзамга кол койду. Ага ылайык, украин аскерлеринин жана аскердик техникаларынын кыймыл-аракеттерин, атышуу болгон аймакты, көчөлөрдүн, дүкөндөрдүн, завод-фабрикалардын жана башка жарандык мекемелердин аталыштарын тартып, жайылтууга болбойт.
Мыйзамды бузгандар 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле Украинага түшкөн чет элдик аскердик жардамдын каякка жеткирилгени тууралуу маалыматты жарыялоого тыюу салынат.
Мындай маалыматтарды бир гана Коргоо министрлиги жана Башкы штаб тарката алат.
Бул кадам украин армиясы тууралуу конфиденциалдуу маалыматтын Интернетке жайылышын ооздуктоо үчүн кабыл алынганы кабарланды.
21-мартта Украинанын Коопсуздук кызматы Киевдеги куралдуу күчтөрдүн позициясын чагылдырган видеону «Тик-Токко» жайгаштырган адамды кармаганын билдирген. Мындан көп өтпөй Орусия кошуна имаратка сокку уруп, сегиз киши мүрт кеткен.
Азырынча Коопсуздук кызматы кармалган киши кандай максат менен бул маалыматты жарыялаганын теришитирип жатат.
Украинанын вице-премьер министри Ирина Верещук бүгүн согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактардан жайкын тургундар үчүн гуманитардык коридорлор болбой турганын билдирди. Анткени, “чалгын кызматтары ыктымал чагым тууралуу эскерткенин” белгиледи.
“Жарандардын коопсуздугу үчүн бүгүн биз гуманитардык коридорлорду ачпайбыз”,-деди Верещук.
Бүгүн кечинде украин жана орус делегациялары ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башталат. Бул тууралуу Reuters агенттиги түркиялык расмий бийлик өкүлүнө шилтеме берип жазды.
Мындан бир күн мурда Түркия президентинин кеңсеси Орусия менен Түркиянын президенттери сүйлөшүүлөрдү Стамбулда өткөрүү боюнча макулдашканын жарыялаган.
“Сүйлөшүү учурунда президент Эрдоган ок атышууну токтотууну, ошондой эле Орусия менен Украинанын ортосунда тез арада келишимге жана тынчтыкка жетишүү зарылдыгын белгиледи”,-деп айтылат маалыматта.
Украинанын президенти Владимир Зеленский кезектеги телекайрылуусунда: “Алдыда сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы турат, биз тынчтыкка умтулуп жатабыз. Биздин максатыбыз ачык айкын - мүмкүн болушунча тезирээк тынчтыкка жетүү жана өлкөбүздөгү жашоону мурдакы калыбына келтирүү”,-деп айтты.