Чехия орус олигархтарынын миллиондогон долларын камакка алды
Чехия санкциялык тизмеге кирген орусиялык олигархтарга таандык миллиондогон долларды камакка алды. Бул тууралуу премьер-министр Петр Фиала улуттук каналга курган маегинде билдирди. Ал капиталы камакка алынгандар кимдер экенин так айткан жок.
Фиала ошондой эле орус жарандарына тиешелүү компанияларда иштеген чех жарандарына камкордук көрүлөрүн айтты.
Мариуполдун мэри шаар толугу менен эвакуацияланышы зарыл деп билдирди.
"Биздин эсеп боюнча 160 миңге жакын киши курчоого алынган Мариуполдо. Ал жерде жашоого мүмкүн эмес, анткени такыр эч нерсе жок: суу, свет, жылуулук , байланыш жок”, - деп билдирди Мариупол шаарынын мэри Вадим Бойченко телемарафон учурунда.
"Биздин негизги миссиябыз - Мариуполду толук эвакуациялоо зарыл", - деп кошумчалаган Бойченко.
Түркияда өтө турган Орусия менен Украина сүйлөшүүлөрү бир күнгө артка жылды.
"Биз азырынча жолдобуз. Логистикалык кыйынчылыктардан улам биздин келишибиз бир аз кечеңдеп кетиши мүмкүн. Алар (орусиялык делегация ) дагы жарым саат мурда жөнөп кетишти, сүйлөшүүлөр өтө турган жерге кечки саат тогуздарда келет. Баары келип, жайгашып, анан эртең менен саат 10до сүйлөшүүлөр башталат”,-деди “Интерфакс-Украина” агенттигине украиналык делегациянын мүчөсү Давид Арахамия.
Харьковдун ар бир үчүнчү тургуну шаарды таштап чыгып кетти. Бул тууралуу телемарафондо шаардын мэри Игорь Терехов билдирди. Ал акыркы убакта Орусия армиясы тынымсыз аткылап, бомбаланып жаткан шаарга адамдар кайтып келе баштаганын дагы кабарлады.