Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.

Украинадагы согушта Орусиянын жоготуулары 133 миң кишиден ашты

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

21:32 28.3.2022

Путин «дос эмес өлкөлөрдөн» газ үчүн акыны рубль менен алууну тапшырды

Орусиянын президенти Владимир Путин Борбордук банкка, өкмөткө жана «Газпромго» «дос эмес мамлекеттерден» газ үчүн акыны орус акчасы рубль менен алууну караган документтерди 31-мартка чейин даярдоону тапшырды.

"Биз газды бекер берүүнү көздөбөйбүз. Бул - турган иш",-деп Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 28-мартта билдирди.

Ушул эле күнү Германиянын энергетика министри Роберт Хабек «Чоң жетиге» кирген кубаттуу мамлекеттер Орусиянын бул талабын четке кагарын билдирди. Анын айтымында, Франция, Германия, Италия, Жапония, АКШ, Британия жана Канаданын расмий адамдары 25-мартта жолугуп, бул боюнча өз позициясын бөлүшкөн.

Эгер Европа мамлекеттери газды рубль менен сатып алышса, орус акчасынын наркы көтөрүлмөк.

01:50 29.3.2022

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Украинага коргонууга жана коопсуздугун бекемдөөгө 6,9 миллиард доллар бөлүүнү сунуштады.

Ак үйдүн 2023-жылдын бюджети боюнча сунушталган документте бул каражат «орус агрессиясына каршы турчу аймактагы өнөктөштөрдүн, НАТОдогу өнөктөштөрдүн күчтөрүнүн даярдыгын жогорулатуу үчүн колдонулат» деп жазылган.

Буга чейин Байден Украинага 13,6 миллиард доллар өлчөмүндө аскердик, гуманитардык жана экономикалык жардам көрсөтүү боюнча мыйзамга кол койгон.

Конгресс бекитип берген каражат Украинанын Куралдуу күчтөрүн колдоого багытталган. Акчанын кайсы бир бөлүгү украин жарандарына, согуштан качкан 3 миллиондой качкындарга гуманитардык жардам берүүгө жумшалат.

01:51 29.3.2022

Даниянын «Карлсберг» жана Нидерланддын «Хейнекен» сыра компаниялары Орусиядан толук кетерин 28-мартта жарыялашты. Буга Орусиянын Украинага согуш ачканы түрткү болгонун белгилешти.

«Хейнекен» ишканасы Орусиядагы бизнесин башка компанияга эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдарга ылайык өткөрүп берерин билдирди. Ошондой эле Орусиядагы 1800дөй кызматкерине жыл соңуна чейин айлык акы төлөп берерин кошумчалады.

Ал эми «Карлсберг» компаниясы согуш жана гуманитардык кризис баарын нес кылып жатканын билдирип, Орусиянын Украинага басып кирүүсүн айыптады.

Орусия Украинага 24-февралда согуш ачты.

Йель университетинин маалыматына караганда, Орусия агрессиясын баштагандан бери 400дөн ашуун чет өлкөлүк ишканалар Орусиядагы ишин чектеп же толук токтотту.

Алардын арасында өнөр жай товарларын сатуучу OBI, косметика жана парфюм даярдоочу Estee Lauder Companies, белгилүү McDonald's, Starbucks, Coca-Cola, Zara, Pull&Bear, Massimo Dutti, Bershka, Marks & Spencer, Mango, H&M жана башкалар бар.

09:58 29.3.2022

Орус армиясы 28-март күнү кечинде Ровно аймагындагы мунай базасына ракеталык чабуул жасаганы кабарланды. Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор боюнча маалымат жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG