“Вагнер" жеке аскердик компаниясынын жалданма аскерлери Украинанын чыгышында аракеттене баштады деп жазды Улуу Британиянын Коргоо министрлиги Твиттердеги баракчасына.
Британдык МИ-6 чалгын кызматынын маалыматына караганда, орус армиясы оор жоготууга учурап, чабуулун өнүктүрө албай жаткан кырдаалда Кремл "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын миңдеген жалданма аскерлерин, анын ичинде Сирия жана Африка өлкөлөрүнөн келгендерди Украинага киргизүүнү чечти.
Шейшембиде Стамбулда Украина менен Орусия өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү болот. Сүйлөшүүлөр Стамбулдагы Долмабахче сарайында жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дөн кийин башталат.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба аны утурлай жергиликтүү медиаларга берген комментарийинде сүйлөшүүлөрдүн негизги максат оболу “гуманитардык маселелерди чечүү” болорун, “ок атышууну токтотуу, бул багытта туруктуу макулдашууга жетишүү экенин” билдирген.
Financial Times басылмасы төрт маалымат булагына шилтеме кылып бул сүйлөшүүлөрдө Орусия Украинаны денацификациялоо, демилитаризациялоо жана орус тилин коргоо өңдүү талаптарынан баш тартканын жазды.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер Украина өзүнүн коопсуздугуна Орусиядан жетиштүү кепилдик алса, НАТОго кирүү планынан баш тартышы мүмкүн экенин ачык айткан.
Кремл сүйлөшүүлөр тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Бир апта мурда Зеленский CNN телеканалы менен маегинде орус президенти Владимир Путин менен түз сүйлөшүүгө даяр экенин дагы бир жолу кайталаган. Бирок Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки өлкөнүн президенттери жолугардан мурда делегациялардын тынчтык сүйлөшүүлөрүндө олуттуу жылыш болушу керек экенин белгилеген.
Украинадагы экинчи айга аяк баскан согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөр бир нече аптадан бери өтүп жатканы менен андан толук жыйынтык чыга элек.
Стамбулда украин-орус сүйлөшүүсү башталды
Түркиянын Стамбул шаарында Украина менен Орусия делегацияларынын бетме-бет сүйлөшүүсү башталды.
Анын алдында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жолугушуудагы ыктымал прогресс Украина менен Орусиянын лидерлеринин сүйлөшүүсүнө жол ачарын билдирди.
Эрдоган сүйлөшүүдөн жыйынтык чыга турган убакыт келгенин кошумчалап, ок атышууну токтотууга чакырды. Түрк президенти буга чейин Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Украин лидери Владимир Зеленский билдиргендей, сүйлөшүүдө алар үчүн «өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жана суверендүүлүгү» эң башкы приоритет бойдон калат.
Бул эки аптадан берки алгачкы көзмө-көз жолугушуу. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыккан эмес.
29-мартта Британиянын аскердик чалгын кызматы маалымдагандай, украиндер чабулдаарга туруштук берип жатканы менен орус күчтөрү Киев үчүн олуттуу коркунуч жаратууда.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбулда Орусия менен Украинанын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн алдында катышуучуларга кайрылуу жасады.