Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:47
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.

Украинадагы согушта Орусиянын жоготуулары 133 миң кишиден ашты

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:48 29.3.2022

Украинанын Николаев шаардык администрациясына орус армиясы урган ракеталык соккудан кеминде үч киши мерт кетип, жыйырмадан ашууну жаракат алды. Кара деңиздин боюнда жайгашкан облустун башчысы Виталий Ким соккудан имараттын жарымы талкаланганын жана урандылардын алдынан тирүү калгандарды алып чыгуу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Украин расмий бийлиги 29-мартта маалымдагандай, орус армиясы Люботин шаарына ракеталык сокку уруп, бир нече турак-жайларды талкалады.

Ал эми Киевдин түндүк-батышындагы Ирпень шаарынын орус күчтөрүнөн бошотулганын калаа мэри билдирди. Бул маалыматты Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский ырастады.

Мариупол шаарынын жетекчилиги билдиргендей, Азов деңизинин боюндагы стратегиялык шаар гуманитардык апааттын алдында турат жана жайкын тургундарды толугу менен көчүрүп кетүү зарыл.

Мэр Вадим Бойченконун айтымында, согуш башталгандан бери калаанын беш миңдей тургуну курман болду. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо азырынча мүмкүн эмес.

Ал арада Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 29-мартта тараткан билдирүүсүндө Украинадагы аскердик операциянын биринчи баскычынын негизги максаттары ишке ашканын билдирди. Ал ошондой эле соңку эки аптада орус армиясы 600дөй чет элдик жоочуну жок кылганын кошумчалады.

18:23 29.3.2022

Стамбулдагы украин-орус сүйлөшүүлөрүндөгү негизги маселелер тууралуу украин делегациясынын мүчөсү Михаил Подоляк билдирүү жазды.

"Украина үчүн эч кандай шарт коюлбаган коопсуздук кепилдиги, ок атышууну токтотуу, гуманитардык коридорлор боюнча натыйжалуу чечимдер, тараптардын согуш эрежелерин сактоосу. Сүйлөшүүлөр оор болуп жатат",-деген Подоляк.

Сүйлөшүүлөр эртең, 30-мартта дагы уланышы мүмкүн.

20:06 29.3.2022

Стамбулда 29-мартта өткөн украин-орус сүйлөшүүсүнүн кезектеги айлампасы төрт саатка созулду. Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фоминдин айтымында, Москва Киев жана Чернигов багытындагы аскердик активдүүлүгүн «кыйла» басаңдатты.

Ал кененирээк маалыматты Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы берерин кошумчалады. Орус президентинин кеңешчиси Владимир Мединский Стамбулдагы сүйлөшүүнү «конструктивдүү» деп баалады.

Орус делегациясы Путин менен Зеленскийдин жолугушуу ыктымалдыгы тууралуу кыйытты.

Москва Украинага согуш ачкандан бери бир да украин шаарын толук басып ала алган жок.

Украинанын Коргоо министрлиги 29-мартта билдиргендей, орус аскерлери Мариупол шаарын аткылоону улантып жатышат. Шаардын борбору азырынча украиндердин көзөмөлүндө калууда.

21:54 29.3.2022

Украина менен Орусиянын Стамбулда өткөн сүйлөшүүсүндө оң жылыш байкалды. Москва Киевдин айланасындагы жана Украинанын түндүгүндөгү аскердик операциясын басаңдата турганын билдирди.

Ал эми эгер Москва Евробиримдикке кошулууга тоскоолдук кылбаса Украина эч кандай аскердик биримдиктерге кошулбоого жана чет элдик аскерлерди жайгаштырбоону сунуштады. Бул сунуштар эми Кремлге жөнөтүлөт.

Украин делегациясынын өкүлү Михаил Подоляк Твиттерге Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымдын маселеси аскердик эмес, саясий-дипломатиялык жол менен чечилерин жазды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG