Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:27
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.

Украинадагы согушта Орусиянын жоготуулары 133 миң кишиден ашты

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

21:57 29.3.2022

Украина жана Орусия делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүсү тууралуу кененирээк макаладан окуңуз:

09:09 30.3.2022

29-мартта Нидерланд, Бельгия, Ирландия жана Чехия тыңчылыкка шектелген орус дипломаттарын чыгарарын билдиришти.

Нидерланддын Тышкы иштер министрлиги тыңчылык кызматкерлеринин функцияларын аткарып жүргөн 17 орусиялык дипломат чыгарыларын билдирди.

«Себеби, дипломат катары аккредитациядан өткөн кызыкчылыгы бар адамдар жашыруун чалгын кызматкерлеринин ишин аткарып жүрүшкөн»,-деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.

Дипломаттар Нидерланддан эки жума ичинде чыгып кетиши керек. Тышкы иштер министри Вопке Хукстардын айтымында, алар мындай чечимди Нидерланддын коопсуздугу үчүн кабыл алынды.

Жалпысынан Нидерландда 75 орусиялык дипломат аккредитациядан өткөн. Хукстар Орусия жооп чара кабыл алып, голландиялык дипломаттарды чыгарышы мүмкүн экенин боолгоду.

Ирландия өз чечимин орусиялык дипломаттардын иши эл аралык стандарттарга туура келбестиги менен түшүндүрдү. Чехиянын тышкы иштер министрлиги Твиттерге жазгандай, орус дипломаттарынын бири персона нон-грата катары жарыяланган жана ага өлкөдөн чыгып кетүүгө 72 саат берилген.

13:54 30.3.2022

Британиянын чалгын кызматы Украинадагы согуш талаасында чоң жоготууга учураган орус күчтөрү өз түзүмүн кайра карап чыгуу жана керектүү каражаттар менен өзүн кайра жабдуу үчүн Орусияга жана коңшу Беларуска кайтууга аргасыз болгонун билдирди.

Британиянын Коргоо министрлигинин Чалгын башкармалыгы мындай билдирүүсүн 30-мартта Твиттерде жарыялады.

"Мындай ишмердик Орусиянын ансыз да кыйынчылыкка кептелген логистикасына басымды күчөтөт жана Орусия Украинанын ичиндеги аймактардагы аскердик бөлүктөрүнүн эки жакка жайгаштыруудагы кыйынчылыктарды күбөлөйт", - деп айтылат билдирүүдө.

Британ чалгын кызматынын прогнозуна ылайык, Орусия жөө күчтөрүнүн азайган манёврларынын ордун толтуруу үчүн артиллериялык жана ракета аткылоолорун күчөтүшү мүмкүн.

14:27 30.3.2022

Украинанын ТИМи Z белгиси үчүн жоопкерчиликке тартууга чакырды

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба дүйнө өлкөлөрүн Орусиянын Украинага кол салуусуна колдоо билдирген Z белгиси үчүн жоопко тартууга чакырды.

"Z Орусиянын кылмышын, бомбаланган шаарларды, миңдеген украиналыктардын кыйылган өмүрүн билдирет. Бул жапайычылыкты ачык коргоого тыюу салынышы керек", - деп билдирди Кулеба.

Башында Украинадагы орус аскерлеринин бир багытын билдирген Z жана V кийинчерек "атайын операциянын" белгисине айланды.

Бул белгилер тууралуу макаланы толук бул жерден окусаңыз болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG