Мариуполдун спутниктен тартылган жаңы сүрөттөрү
Шаардык бийликтин маалыматында орус аскерлери тынымсыз ок атып жаткан Мариуполдо 90% имараттар талкаланган.
Николаев шаарындагы Москва көчөсүнүн аталышы Мариупол деп өзгөртүлөт
Орусиянын аскерлерине катуу туруштук берип аткан Украинанын түштүгүндөгү бул шаардагы көчө орус аскерлеринин бомбалоосунан толук талкаланган дагы бир украин шаары Мариуполдун атын алып жүрмөй болду.
Орус аскерлеринин аткылоосунда "интенсивдүүлүктүн төмөндөшү" байкалган жок
Бул таңда Киевдин айрым райондору аткылоого кабылды. Черниговдо да кармаш уланды. Украинанын ИИМнин башчысынын кеңешчиси Вадим Денисенко "Киев жана Чернигов багытында куралдуу кармаштын мизи кайтты деп айта албайбыз" деп билдирди.
Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 29-апрелде украин-орус өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүндө да айткан. Ал "сүйлөшүүдөгү сигналдар үмүт берет, бирок ал орусиялык аскерлердин аткылоосун азайта элек" деген.
Британиянын Коргоо министрлиги Украинадагы кырдаалды чалгын кызматынын маалыматына таянып, орус аскерлери Киевден ары жылганы менен Украинанын шаарларын тынымсыз аткылап атат деген баяндамасын жарыялады.
Украинанын аймактарына жаңы сокку урулууда
Хмельницкий облусунда өткөн түнү орусиялык аскерлер үч аскер объектисине сокку урду. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Сергей Гамалий билдирди.