Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:54
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.

Украинадагы согушта Орусиянын жоготуулары 133 миң кишиден ашты

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:46 30.3.2022

Польша жыл аягына чейин орус мунайынан баш тартат

Өлкөнүн премьер-министри Матеуш Моравецкийдин билдиришинче, Польша ЕБнын башка өлкөлөрүнө караганда орусиялык электрден баш тартуунун радикалдуу жолун тандап алды.

Шейшембиде Польша орус көмүрүн алуудан баш тарта турганын билдирген. Май айында газ импортунан токтотуу пландалууда.

ЕБнын башка өлкөлөрү да Орусиядан энергетикасынан арылууга чара көрүүдө. Германиянын экономика министри Роберт Хабек башка өлкөлөрдөн суюлтулган газды алуунун негизинде өлкө орус газынын үлүшүн 55 проценттен 40% азайта алганын билдирди.

16:56 30.3.2022

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебине ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери чет өлкөгө качып чыккан украин жарандарынын саны 4 миллиондон ашты.

29-мартта түшкө маал жаңыланган маалыматка ылайык, украиналык качкындардын басымдуу бөлүгү же 2,3 миллиону коңшу Польшага жер которгон. 600 миңден ашыгы Румынияга, 387 миңи Молдовага жана 364 миң киши Венгрияга качкан.

"Орусиянын чабуулу башталгандан кийинки беш жума ичинде Украинадан чыккан качкындар 4 миллион болду. Жаңы эле Украинага келдим. Пайдасыз согуштун кесепети тийген жана андан улам жер которгон адамдарга жардамды күчөтүүнүн жолдорун жергиликтүү бийлик, БУУ жана башка өнөктөштөр менен Львовдо талкуулайбыз", - деп жазды Твиттерге БУУнун Качкындар иши боюнча комиссары Филиппо Гранди.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, орус күчтөрү басып киргенден бери Украинанын өзүндө 6 миллиондон ашуун киши жер которууга аргасыз болду.

24-февралга чейин Украинанын Киевге баш ийген аймактарында жалпысынан 37 миллион адам жашаган Крым жана Москва колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарды кошкондо Украинанын калкынын жалпы 44 миллиондон ашат.

17:02 30.3.2022

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогондон эки күн өткөндөн кийин ооруканага түшүп калганы, жакында дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Телеграм аркылуу билдирди. Маалыматка ылайык, Камилов акыркы он күндөн бери "өнөкөт оорусуна байланыштуу" Ташкенттеги Борбордук клиникалык ооруканада дарыланып жаткан.

"Дарыгерлердин консилиумунун тыянагына ылайык, Абдулазиз Камиловдун саламаттыгын дагы терең текшерүү зарылчылыгына байланыштуу бул күндөрү министр дарылануусун чет өлкөдө улантып жатат", - деп билдирди министрлик.

Бирок расмий маалыматта Камиловдун кандай илдети бар экени же кайсы өлкөдө дарыланып жатканы так айтылган эмес.

74 жаштагы Камилов өзбек парламентинин 17-марттагы жыйынында Ташкент Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк менен Луганск элдик республикалары" деп атап алган жикчил топторду тааныбай турганын жарыялаган.

18:32 30.3.2022

Кремл орус-украин делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүндө олуттуу жылыш болгон жок деп эсептейт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 30-мартта журналисттерге билдирди.

"Украин тарап [өз позициясын] коллективдүү түрдө баяндап, кагазга түшүрө баштады. Андан башка көптү убада кылган олуттуу жылыш болду деп айта албайбыз. Дагы көп жумуш жасалышы керек", - деди Песков.

Орусиянын делегациясын жетектеп барган Владимир Мединский эки тараптын 29-мартта Стамбулда өткөн бетме-бет сүйлөшүүсүн "маңыздуу" деп мүнөздөгөн эле. Муну улай Москва Киевдин айланасындагы жана Украинанын түндүгүндөгү аскердик операциясын басаңдата турганын жарыялаган.

Киев башка бир нече өлкө Украинанын коопсуздугуна кепилдик берсе жана Москва Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна тоскоолдук жаратпаса, эч кандай аскердик биримдиктерге кошулбоого жана чет элдик аскерлерди жайгаштырбоого макул экенин белгилеген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG