Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:51
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.

Украинадагы согушта Орусиянын жоготуулары 133 миң кишиден ашты

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

18:56 30.3.2022

Орусиянын армиясы Украинанын түндүгүндө жана баш калаа Киевдин айланасында чабуулдарын азайтууну убада кылганына карабастан сокку урууну улантууда. Бул тууралуу Украинанын түндүгүндөгү Чернигов облусунун губернатору Вячеслав Чаус 30-мартта билдирди.

"Кечээ орусиялыктар Чернигов жана Киев багыттарындагы чабуулдарын басаңдатарын жарыялашкан. Биз буга ишенебизби? Албетте, жок. Каршы тарап Чернигов аймагында "ишмердигин басаңдатканын" Нежин шаарына абадан сокку уруу менен көрсөттү. Түнү бою Чернигов шаарына сокку уруп жатты", - деди Чаус.

Буга чейин Улуу Британиянын чалгын кызматы Украинадагы согуш талаасында чоң жоготууга учураган орус күчтөрү өз түзүмүн кайра карап чыгуу жана керектүү каражаттар менен өзүн кайра жабдуу үчүн Орусияга жана коңшу Беларуска кайтууга аргасыз болгонун билдирген. Британ тарап Орусия жөө күчтөрүнүн азайган манёврларынын ордун толтуруу үчүн артиллериялык жана ракета аткылоолорун күчөтүшү мүмкүндүгүн эскерткен.

21:10 30.3.2022

Орусия Украинага басып киргенден бери "чоң жоготууга" учурап жатканын Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд 29-мартта билдирди. Ал "Настоящее время" каналына курган маегинде орус армиясы 10 миңдей аскеринен айрылганын айтты.

"Тилекке каршы, орусиялыктар украин армиясынын бекем күчүн ушул күнгө чейин толук сезе алган жок деген ойдомун. Алар болуп көрбөгөндөй жоготууларга учурап жатат. Биздин баамыбызда 10 миңден ашуун орус аскери мерт болду",-деди Нуланд.

Москва өз аскерлеринин арасындагы жоготуулар тууралуу эки гана жолу расмий маалымат берген. 2-марта Орусиянын Коргоо министрлиги 498 аскери курман болгонун билдирсе, үч жумадан ашык убакыттан кийин алардын саны 1351ге жеткенин кабарлаган.

Бирок Москванын көрсөткүчү Батыш менен Украина көрсөткөн сандардан кыйла аз. Украин бийлиги 17 миңдей орус аскери мерт болгонун кабарлап келет.
Азырынча бул сандарды көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.

22:21 30.3.2022

Ирпен шаарынын мэри Александр Макрушин орус аскерлеринин соккусунан шаарда болжол менен 50 украин аскери, 300 жайкын тургуну каза болгонун кабарлады. Бул тууралуу “Украинская правда” жазды.

“Болжол менен 200-300 киши өлдү деп ойлойм. Көбү урандылардын астында калып каза болду. Шаардын 50% талкаланды. Урандыларды эч ким тазалай элек, ал жерде калган адамдар бар экени 100% чын,-деди мэр.

22:38 30.3.2022

Жо Байден менен Владимир Зеленский сүйлөштү

Украинанын президенти Владимир Зеленский “Твиттерге” жазгандай, ал Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байденге акыркы кырдаал, Түркиядагы орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берген. Ошондой эле Кошмо Штаттарынын аскерий колдоосун, Орусияга каршы киргизиле турган жаңы санкциялар пакетин жана гуманитардык жана макрофинансылык жардам көрсөтүүнү талкуулашкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG