Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:06
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.
Орусия. Украинадагы согушта курман болгондор көрүстөнү.

Украинадагы согушта Орусиянын жоготуулары 133 миң кишиден ашты

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

11:10 31.3.2022

Пентагон: орусиялык аскерлер Чернобылдан чыгып кетүүдө

Франс Пресс агенттиги Пентагонго шилтеме берип орусиялык аскерлер Чернобылдагы АЭСтен кетип жатканын билдирди. "Аль-Арабиянын" Вашингтондогу кабарчысы Жозеф Хабуш АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлүнө таянып, аскерлер Беларуска кетип жатканын жазды.

Буга чейин украин бийлиги эл аралык коомчулукту Чернобылдагы тилкени аскерлерден арылтууну суранган. Орус аскерлеринин басып алганына байланыштуу ЧАЭСтин кызматкерлери мөөнөтүн алмаштыра албай, оор шартта иштеп жатканы айтылган. МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Мариано Гросси Украинага келгени кабарланды.

Беларус булактары Гомелдеги радиациялык медицина борборуна орусиялык аскерлерди алып келип жатканын айтууда.

15:17 31.3.2022

Украинанын түштүк-чыгышындагы орус күчтөрүнүн курчоосунда турган Мариупол шаарына 45 автобус жөнөтүлдү. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук 31-мартта билдирди. Анын айтымында, украин бийлиги бул автобустар менен шаардагы жайкын тургундарды чыгарып кетүүнү көздөп жатат.

"Түндө биз Эл аралык кызыл чырым комитетинен Орусия Мариуполго Бердянск шаары аркылуу гуманитардык кербенге жол ачууга даярдыгын билдиргенин уктук. Биз Мариупол коридоруна 45 автобусту жөнөтүп жатабыз", - деди Верещук.

Орусиянын армия жетекчилери 31-марттын таңынан тарта Мариуполго ачылуучу гуманитардык коридордун коопсуздугун камсыздоо үчүн ок атышууну токтото турууга даярдыгын билдиришкен. Буга чейин мындай макулдашуулардын бир тобу толук аткарылбай калган.

Украинада согуш башталганга чейин 430 миңдей адам жашаган Мариупол шаарында украин күчтөрү менен орус армиясынын ортосунда бир нече аптадан бери айыгышкан кармаш жүрүп жатат. Орус күчтөрүнүн аткылоолору жана аба соккулары шаардагы төрөт үйүнө, өрт өчүрүү борборлоруна, маданий жайларга жана жайкын тургундардын үйлөрүнө тийип жатты.

16:10 31.3.2022

Лисичанскиде түнкү атышуудан кийин мунай базасы күйүп кетти

"Орусиялыктар бардык оор куралдардан атып жатат. Лисичанскинин тургундары мурда башка шаарлардын жашоочуларына караганда өзүн коопсуз сезчү. Түндөгү ок атышуу Украинада "орус дүйнөсү" кирбеген бир дагы жылчык калбаганын көрсөттү", - деди Луганск облустук администрациясынын башчысы Сергей Гайдай.

Гайдайдын айтымында Северодонецкиде түнкү атышуудан улам мектеп күйүп кеткен.

16:23 31.3.2022

Украина Литва, Латвия жана Эстониядан Орусия менен чек арасын жабууну өтүндү

Украинанын дипломаттары мындан тышкары Беларус менен чек араны жаптыруу үчүн Польша менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалым болду. Бул тууралуу Польшанын Украинадагы элчиси Андрей Дещица​ билдирди. Дещицанын айтымында,​ Киев мындай жол менен ЕБдан Орусияга жүк киргизүүнү токтотууну көздөп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG