"Муну аскерди чыгаруу деп айтууга болобу?", - Чернигов облустук аскер администрациясынын башчысы орусиялык аскерлердин жүрүм-туруму тууралуу айтты.
"Украинанын аскер күчтөрү Чернигов облусундагы душманды жок кылууну улантууда. Алар бул ишти токтоосуз кылышкан, азыр да кылып жатышат. Душман чоң жоготууга учурап атат, деморализация болду. Алардын ары-бери жылганы облус аймагында жүрүп жатат. Кандайдыр бир уюшкан топ гана жылып жаткандай. Бирок бул бизге эс алууга эч кандай мүмкүнчүлүк бербейт. Биз сергек болушубуз керек".
Орусиянын согуштук аракетине көмөктөшкөнү барган Түштүк Осетиянын аскерлери Украинадан чыгып кетишти.
Бул маалыматты Түштүк Осетиянын мурдагы башчысы Эдуарт Кокойты ырастады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык байланыш башкармалыгынын маалыматы боюнча, Түштүк Осетияга таандык батальондук тактикалык топтордун биринин өздүк курамы согуштук аймактан толугу менен чыгып кеткен.
Такталбаган маалыматтар боюнча 300 аскер чыгып кеткени айтылды.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия өз күчтөрүн артка кайтарбаганын, анын ордуна аскердик бөлүктөрдүн ордун гана которуп жатканын айтты. Ал 31-марттагы маалымат жыйынында орус күчтөрүнүн соңку кыймыл-аракети "кошумча чабуулдар" болоорун туюнтуп жатканын белгиледи.
"Орус күчтөрү өз катарын кайра карап чыгууга, өзүн керектүү каражаттар менен жабдып алууга жана Донбасс аймагына чабуулун күчөтүүгө аракет кылып жатат. Ошол эле кезде Орусия Киевге жана башка шаарларга кысым көрсөтүнү улантууда. Андыктан биз дагы көп азапка себеп болуучу кошумча чабуулдарды күтсөк болот", - деди Столтенберг.
29-мартта Орусия Украинанын баш калаасы Киевдин жана түндүктөгү Чернигов шаарынын айланасындагы операцияларын кыскартып жатканын билдирип, анын максаты "өз ара ишенимди бекемдөө" аракети менен түшүндүргөн.
Орус тарап бул тууралуу эки өлкөнүн делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин жарыялаган болчу. Бирок мындай билдирүүгө карабастан орус күчтөрүнүн Украинанын түндүгүндөгү аба чабуулдары уланып жатканын эки тарап тең ырасташты.
Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. 25-мартта Орусиянын армиясы Украинадагы "операциясынын" биринчи фазасы аяктаганын, эми өлкөнүн чыгышындагы Донбасс аймагын "бошотууга" көңүл буруларын жарыялаган болчу.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өз жарлыгы менен Мароккодогу жана Грузиядагы украин элчилерин чакыртып алды. Анын айтымында, бул дипломаттар "кызматта калыш үчүн эле иштеп жаткан" жана өздөрү иштеп келген өлкөлөрдүн Украинага жардам беришин же орус бизнесине санкция киргизишин камсыз кыла алган жок.
"Курал-жарак болбосо, санкциялар болбосо, орус бизнесинин ишмердигине чектөөлөр болбосо, анда башка жумуш издегиле", - деди Зеленский өзүнүн соңку видео кайрылуусунда.
Ал расмий Киев жакын арада Түштүк Африкада, Жакынкы Чыгышта, Түштүк-Чыгыш Азияда жана Африка өлкөлөрүндө иштеген украин элчилеринен да конкреттүү жыйынтыктарды күтүп жатканын кошумчалады.