Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:15
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.

Запорожье бомбаланып, Киевде аэропорт бутага алынды, кеминде үч өмүр кыйылды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

20:29 31.3.2022

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында эл аралык таанылган нормалар менен принциптердин сакталышын, анын ичинде мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнү жактайт. Бул тууралуу 29-мартта Берлинде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германиянын башкы дипломаты Анналена Бербок менен жолугушканда айтканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Казакбаев кандай гана конфликт болбосун, саясий-дипломатиялык жолдор аркылуу, сүйлөшүү менен гана чечилиши керектигин белгилеп, тараптар эгер жөнгөрүү мүмкүнчүлүктөрү жарабай калса, жаңы форматтарды жана механизмдерди издеши зарыл экенин кошумчалады.

Кыргызстан ошондой эле Орусия менен Украинанын сүйлөшүүсүнө аянтча түзүп берип, зарыл болсо жардам көрсөтүүгө даяр экенин Казакбаев бул жолугушууда дагы бир жолу белгиледи.

Кыргызстандын башкы дипломаты иш сапар менен Германияга 29-мартта барган. Ал немис өкмөтүнүн жана бир катар эл аралык уюмдардын, мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугуп, кызматташтыкты талкуулоодо.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Кремль бул чечимин "Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо” боюнча атайын операция деп атаган. Украин бийлиги Орусиянын кол салуусун баскынчылык согуш деп атап келет.

БУУнун Украинадагы окуяларды агрессия деп атаган резолюциясын 141 өлкө колдогон. Добуш берүүдө калыс болгон 35 өлкөнүн ичинде Кыргызстан да бар. Орусияны өзүнөн башка төрт өлкө – Беларус, Түндүк Корея, Сирия жана Эритрея колдогон.

Казакбаев Кыргызстан орус-украин сүйлөшүүсүнө аянтча түзүүгө даяр экенин 16-мартта Украинанын Бишкектеги элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алганда да айткан.

21:35 31.3.2022

АКШ Орусиянын бир катар технология компанияларына жана Москванын Украинага басып киришине байланышы бар деген адамдарга санкция салды. Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги 31-мартта билдиргендей, орусиялык 13 жаран жана 21 мекеме санкциялык тизмеге киргизилди. Алардын арасында Орусиядагы чип чыгаруу багытындагы эң чоң компания деп саналган "Микрон" ишканасы да бар.

Мындан тышкары АКШ санкциялардын күчүн Орусиянын аэрокосмос, электроника тармактарына жана деңиз флотуна чейин кеңейтти. Бул чечим Вашингтонго аталган тармактарда иш алып барган компанияларга же жеке тараптарга санкция салууга мүмкүнчүлүк берет.

Каржы министрлиги соңку чаралар Орусиянын "зыяндуу кибер оюнчуларына" каршы багытталганын билдирди.

"Биз пайдасыз согушту тандоо токтогонго чейин бардык өңүттөгү санкциялар менен Путиндин согуш машинасын бутага алууну улантабыз", - деди АКШнын каржы министри Жэнет Йеллен.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Москва мурда болуп көрбөгөн эл аралык санкцияларга кабылды.

21:50 31.3.2022

Бириккен Улуттар Уюму Украинадагы согушту изилдөө үчүн түзүлгөн комиссия ишин баштаганын билдирди.

Ага Норвегия, Босния жана Герцеговина, Колумбиянын юристтери кирген.

«Комиссия 2014-жылдан баштап Крымда, Донецк жана Луганск облустарынын айрым аймактарында, ушул жылдын 22-февралынан тарта Украинанын башка жерлеринде адам укуктарынын жана эл аралык гуманитардык укуктун бузулушуна байланышкан бардык мыйзам бузууларды иликтейт»,-деп айтылат БУУнун билдирүүсүндө.

02:03 1.4.2022

Украинанын Чернобыл атомдук станциясын ээлеп турган орус күчтөрүнүн көбү Беларус чек арасын көздөй чыгып кетти. Бул тууралуу Украинанын мамлекеттик "Энергоатом" компаниясы 31-мартта билдирди.

Компаниянын маалыматында Чернобылда аз сандагы орус аскерлери калганы айтылганы менен алардын так эсеби көрсөтүлгөн эмес.

Орусиянын күчтөрү Чернобыл АЭСине 24-февралда көзөмөлүн орноткон. Буга карабастан атомдук станциядагы кырдаалды украин адистери тескеп келген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG