Владимир Зеленский Орусия өз аскерлерин толуктап, Украинанын аскер күчтөрү аларга татыктуу жооп кайтарып жатканын билдирди.
"Киевдин түндүгүндөгү Сумы облусундагы чернигов багытында баскынчыларды кууп чыгуу уланууда. Алар азыр баштагыдай болбой, басаңдап калды. Бирок биз бул алардын тактикасы экенин түшүнүшүбүз керек. Алар биз кууган аймактан кетип, башка бир маанилүү аймактарды ээлеши мүмкүн", - деп айтты кечки билдирүүсүндө.
Президенттин эскертүүсүндө, алдыда дагы кармаштар болушу ыктымал.
Пензада 8-класстын окуучулары Украина тууралуу айткан мугалимдин үстүнөн тоголок кат жазышты
8-класстын кыздары англис тилинен берген мугалимдин Орусиянын Украинанын аймагындагы иштери тууралуу айтканын телефонго жаздырып алып, укук коргоо органдарына тапшырган.
Сүйлөшүү BAZA Телеграм-каналына жарыяланды. Анда англис тили мугалими Ирина Ген олимпиадалык резервдеги окуу жайдын окуучулары эмнеге Европада өткөн мелдешке бара албай калганын түшүндүргөн.
"Орусия өзүн заманга ылайык алып жүрө албаса, бул абал улана берет", - деген мугалим Украинанын бомбаланган шаарлары, Крым, малайзиялык "Боингдин" кырсыктаган себеби тууралуу айтып берген.
1-апрелде таңда Орусиянын Белгород шаарындагы мунай базасы аткыланды
Мунай база Украинанын аймагынан кирип келген эки тик учак менен аткыланган.
Белгород облусунун бийлигинин маалыматында, курмандыктар жок, мунай базанын эки жумушчусу жарадар болгону кабарланууда. Почтовая жана Константин Заслонов атындагы көчөлөрдүн жашоочусун убактылуу "Белгород-Аренага" жайгаштырылат. Алар өрт өчүрүлгөндө үйүнө кайтышы мүмкүн.
Николаев облустук администрациясына урулган соккудан улам каза тапкандардын саны 24 адамга жетти. Бул тууралуу Украинанын мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.
Сокку 29-мартта урулган. Имараттын ортосу толук бузулган. Өзгөчө кырдаалдар кызматы уранды астынан 23 адамды алып чыкканын билдирди, бир адам ооруканага бараткан жолдо үзүлгөн. Урандыны тазалоо иштери уланып жатат.