Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:45
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.

Запорожье бомбаланып, Киевде аэропорт бутага алынды, кеминде үч өмүр кыйылды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:31 1.4.2022

Киев облусунун калктуу конуштары Украинанын куралдуу күчтөрүнүн колуна өттү

Иванков толугу менен бошотулду. Орусиянын аскерлери Броварск районунан чыгып кетти. Броваровдун мэри Игорь Сапожко "көпчүлүк жашоочулар шаарга кайтып келди. Кичи жана орто бизнес жанданып, дүкөндөр, павильондор ачыла баштады" деп билдирди.

Буча шаардык кеңешинин катчысы Тарас Шаправски: "Буча абдан кооптуу аймак, анткени баскынчылардын колунда. Рашисттердин куралдуу күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү чыгып кетти. Бирок жарандык кийимчен диверсиялык күчтөрү кала берүүдө. Андыктан Бучага кайтып келүү кооптуу. Кырдаал Буча бошотулгандан кийин да оор болот. Анткеи үйлөргө, имараттарга, аскер техникасына, керек болсо каза болгон адамдардын сөөгүнө чейин мина коюшкан", - деп билдирди.

Гостомелдин азыркы көрүнүшү

16:35 1.4.2022

"Проект" басылмасынын 1-апрелде чыгарган журналисттик иликтөөсүндө Орусиянын президенти Владимир Путинге онкологиялык ооруларды хирургиялык жол менен дарылоого адистешкен дарыгер көп келип турары айтылды.

Маалыматка ылайык, орус президентин ар кыл визиттерде коштоп жүргөн дарыгерлердин тизмеси басылманын иликтөөчүлөрүнүн колуна тийген. Путиндин жанында дээрлик туруктуу жүргөн дарыгерлердин арасында Борбордук клиникалык оорукананын кызматкери Евгений Селиванов болгон.

Улгайган кишилердеги калкан безинин рагын дарылоо ыкмалары жөнүндө диссертация жазган Селиванов соңку төрт жыл ичинде Путинди көрүү үчүн Сочи шаарына эле 35 жолу учуп келип, анын жанында 166 күн өткөргөн.

Сочиде жүргөн Путинге Селивановдун тышкары отоларингологдор Алексей Щеглов жана Игорь Есаков көп келген. Маселен, Щеглов төрт жыл ичинде Сочиге 59 жолу келип, орус президентинин жанында 282 күн болгон.

Иликтөөдө Путиндин кандай оорусу бар экени же ага кандай диагноз коюлганы так айтылган эмес. Бирок "Проектин" журналисттери Путиндин аркасына операция жасалганын же олуттуу процедура өткөрүлгөнүн, ал кезде Путин коомчулуктун көзүнө көп көрүнбөй калганын, ошондой эле соңку мезгилде элден оолагыраак жүрүүгө өзгөчө көңүл буруп калганын жазышты.

Мындан тышкары иликтөөчүлөр Путин Алтайга сапарында жаш бугулардын мүйүзүнөн алынган экстракт кошулган ваннага түшкөнүн да билдиришти.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путиндин саламаттыгы тууралуу мындай маалыматтарды "туура эмес" деп атап, алар "чындыкка дал келбейт" деп билдирди.

21:16 1.4.2022

Чехиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын дипломатиялык кызматкерлерине ачык кат жолдоп, аларды кызматтан кетүүгө жана Украинадагы согушка колдоо көрсөтүүнү токтотууга чакырды. Бул документти министрлик жума күнү Твиттерге жарыялады.

Англис жана орус тилдеринде жазылган кат Орусиянын Чехиядагы элчилигинин кызматкерлерине гана эмес, орусиялык бардык дипломаттарга багытталган.

"Адилетсиз согуштун мизи кайтканда элитанын бул өкүлдөрү согуш кылмыштары үчүн жооптуу болушат. Орусия суверендүү коңшусуна алаамат алып келген аракеттери үчүн жоопкерчиликтин кесепетин тартат. Биз сиздерди, дили таза адамдарды чөгүп бараткан кемени таштап кетүүгө чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Орусиянын бийлиги жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрү мындай ачык катка жооп бере элек.

21:17 1.4.2022

Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү 1-апрелде видео конференция форматында уланды. Бул тууралуу орус делегациясынын жетекчиси, президенти Владимир Путиндин кеңешчиси Владимир Мединский Телеграм аркылуу билдирди.

"Крым жана Донбасс боюнча биздин позицияларыбыз өзгөргөн жок", - деди ал.

Бул сүйлөшүүлөрдүн алдында украин делегациясынын мүчөсү, парламенттеги “Эл кызматчысы” фракциясынын башчысы Давид Арахамия Түркия менен Германия Киев менен Москванын ортосундагы болочок келишимге кепилдик берүүчү өлкө болууга даяр экенин айткан.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын соңку бетме-бет сүйлөшүүсү 29-мартта Стамбул шаарында өткөн. Киев бир нече өлкө Украинанын коопсуздугуна кепилдик берсе жана Москва Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна тоскоолдук жаратпаса, эч кандай аскердик биримдиктерге мүчө болбоого жана чет элдик аскерлерди жайгаштырбоого макул экенин белгилеген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG