Орусия кол салгандан бери Украинада 158 бала каза болду, 254ү жарадар. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Биздин өлкөгө Орусия басып киргенден бери 412 бала жабыркады.158 бала каза таап, 254ү жарадар болду.
Ювеналдык прокурорлордун маалымдашынча Киев облусунда 75, Донецкиде 71, Харьковдо 56, Черниговдо 46, Николаевде 31, Луганскиде 31 Запорожьеде - 22, Херсондо 29, Сумыда 16, Житомирде 15, борбордо 16 бала жабыр тарткан", - деп айтылат мекеменин Телеграм-каналында.
Орусиялык аскерлер Гостомелдеги аэродромдон чыгарылды. Дүйнөдөгү эң чоң жүргүнчү учагы "Мриинин" учурдагы абалы.
Бишкекте согушка каршы митингге чыккандарды милиция кармап кетти
Кармалган активисттердин бири Рита Карасартова Горький гүлбагында митинг өткөрүүгө тыюу салынбаганын айтып, чечимди көрсөтүүнү талап кылды.
Ал эми укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров президент Садыр Жапаров өзү Фейсбуктагы баракчасында "Горький паркында кааласаңар 24 саат бою митингге чыга берсеңер болот" деп жазганын эске салды. Жыйынтыгында активисттерди милиция автобуска салып алып кетти.
Горький гүл багына чогулган жарандык активисттер "Согушту токтот", "Согушка жол жок", "Путин, согушту токтот" деген жазууларды кармап турган. Аларга милиция кызматкерлери келип, "Путин фашист" деген жазуусу бар плакатты алып салууну талап кылышты.
Милиция 1-июлга чейин митинг, пикет өткөрүүгө тыюу салган соттун чечими эске салып, тарап кетүүнү талап кылды.
Бирок ушул эле гүлбакта бир нече саат мурда Орусияны колдогон он чакты адам митингге чыккан. Аларга милиция да, бийлик өкүлдөрү да тыюу салынган чечим бар экенин айткан эмес.
Президент Садыр Жапаров 1-апрелде Фейсбуктагы баракчасында билдирүү жазып, пикет, митинг, акцияларды чет өлкөлөрдүн элчиликтеринин алдында өткөрбөөгө чакырган. Мамлекет башчы бул үчүн Горький паркы бар экенин, ал жерде "кааласа 24 саат жатып алса болорун" жазган.
Мамлекет башчы Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүндө Бишкекте Орусия менен Украинага байланыштуу акцияларга үч айга тыюу салынганы боюнча пикирин билдирген эмес.
Бишкекте орус-украин согушуна байланыштуу тынч жыйын, митинг же башка акция өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салынган. Мындай чечимди борбор калаанын төрт райондук соту мыйзамдуу деп тапканын Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлаган.
Бирок бул чектөө борбордук Ала-Тоо аянтында мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларды өткөрүүгө тийиштүү эмес.
Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Бир айдан ашуун созулган согушта Украинанын бир катар шаарлары талкаланды, 4 миллиондон ашуун киши качкынга айланды. Расмий Бишкек согуш башталгандан бери бейтарап позицияда экенин айтып келет. Буга чейин борбордо эки тарапты тең колдогон митингдер өткөн.
CIT: Белгородго жакын айылда жарылган ракета Орусиянын аймагынан учурулган
CIT тобунун иликтөөчүлөрү съемкаларга таянып, ракета чыгыштан же түндүк-чыгыштан, демек Орусиянын аймагынан учурулганын аныкташты. CIT бул украин армиясы колдонбогон канаттуу ракета деп эсептейт. Иликтөөчүлөр бул Орусия тарабынан жасалган атайын чабуул болбогон күндө да, курал жаңылыштыктын айынан уча турган траекториясынан жылып кетиши мүмкүн деген пикирде.