Энергодарда атышуу жана жарылуулар болууда
Орус армиясы басып алган шаардын аянтында октун жана жарылуунун үнү чыгып жатат. Жарылуу жарык жана үн чыгаруучу гранатаныкы болушу мүмкүн. Энергоатом компаниясына аскерлер митингге чыккан элди кубалап жатканын айтышкан. Жарадарлар бар.
Эл аралык Кызыл Чырым уюму бир нече убактан бери курчоодо турган Мариупол шаарынан элди эвакуациялоо аракетин улантарын айтты. Гуманитардык уюм тараткан билдирүүдө "Азов деңизиндеги порт шаар согуштун эң оор салгылашууларынан улам талкаланган, миңдеген адамдар өлүп, дагы миңдегени качып кеткен. Он миңдеген адамдар тамак-ашка жана сууга жетпей камакта",-деп жазылган.
Эл аралык Кызыл Чырым уюму 1-апрелде 50дөн ашуун украиналык автобусту жана башка жеке унаалардан турган кербенди шаардан алып чыгуу аракети текке кеткенин, 2-апрелде жарандардын коопсуз өтүшүн жеңилдетүү үчүн дагы бир жолу аракет кылынарын билдирди.
Ошол эле учурда украин президенти Владимир Зеленский артка чегинген орус аскерлери Киевдин сыртында, анын ичинде үйлөрдүн жана өлүктөрдүн тегерегине мина коюп жатышканын айтты.
Кытай Евробиримдикке Украинада тынчтыктын орношуна өз жолу менен, Орусияга катаал мамиледен жана кысымдан алыс шарттар менен салым кошорун убада кылды. Европа Биримдиги менен Кытайдын жетекчилери 1-апрелде виртуалдык саммит өткөрүп, анда Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян Евробиримдиктин жетекчилери менен сүйлөшүүдө Бээжин тынчтыкка "өз алдынча" жетишерин билдирди. Ал эми Кытайдын лидери Си Цзинпин Евробиримдиктен көз карандысыз мамиле күтөрүн билдирип, Европа, АКШ менен тыгыз экономикалык байланыштарына ишара кылды.
Евробиримдик Кытайды расмий Москвага Батыштын санкцияларын кыйгап өтүүгө жол бербөөгө үндөгөн.
"Биз Кытайды Украинадагы согушка чекит коюга көмөктөшүүгө чакырдык. Бээжин Орусиянын эл аралык укуктарды тебелеп жатканына көз жуумп коё албайт",-деди Еврокеңештин башчысы Шарль Мишел Еврокомиссия төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен чогуу өткөргөн брифингде.
Казак прездентинин администрация башчысынын орун басары Тимур Сулейменов "Нур-Султан Москвага санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бербей турганын" айтты. 29-мартта EURACTIV news медиа түйүнүнө берген интервьюсунда ал Казакстан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Орусия менен экономикалык кызматташтыгын уланта берерин кошумчалады.
Анын айтымында, Казакстан Орусияга инвестиция салууну жана ал өлкөдөн инвестиция тартууну токтотпойт, муну менен бирге санкция салынган товарларды көзөмөлдөйт. Казак бийлиги Москва менен алака-катнашты Батыштын санкцияларын бузбай жүргүзүү максатында мыйзамдарды өзгөртүүнүн үстүнөн иштеп жатканы да белгилүү болду.
Сулейменов Нур-Султан “Украинанын аймактык бүтүндүгүн урматтаарын, өлкө Крымдын аннексиясын, Украинанын чыгышындагы өздөрүн “ДНР” жана “ЛНР” деп атаган жикчил аймактардын көз карандысыздыгын “тааныбаганын жана мындан ары да тааныбасын” айтты.