Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:32
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.

Запорожье бомбаланып, Киевде аэропорт бутага алынды, кеминде үч өмүр кыйылды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:52 2.4.2022

Рим Папасы Франциск Украинага бара турганын маалымдады. Ал 2-апрелде Мальтага учуп баратканда жолулаш журналисттин бул тууралуу суроосуна жооп берип, бирок кайсы күнү барарын тактаган эмес.

Мурдарааак Украинанын президенти Владимир Зеленский Рим Папасын "согуш бүлүндүрүп жаткан өлкөгө" келип кетүүгө чакырган.

Рим Папасы Украинадагы согушту айыптап, кан төгүүгө эч кандай актоо жоктугун билдирген.

17:54 2.4.2022

Украинанын Орусиянын Белгород шаарындагы күйүүчү май базасында болгон өрткө тиешеси жок. Бул тууралуу украин Коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов билдирди.

“Алар (Кремл-ред.) эмнегедир биз кылган иш деп айтып жатышат. Бул чындыкка коошпойт. Муну комментарийлебейбиз”, - деди.

Буга чейин украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Белгороддогу өрткө Украинанын тиешеси тууралуу маалыматты ырастап да, төгүндөп да албасын Reuters агенттигине айткан. Ушундай эле позициясын украин Коргоо министрлиги билдирген.

1-апрелде эртең менен «Роснефттин» Белгороддогу мунай кампасында өрт тутанган. Облус губернатору Вячеслав Гладковдун айтымында, украин тараптан келген эки тик учак сокку урган.

Бир нече күн мурун Белгород облусунда жардыруулар болгондо себебин курал-жарак кампасында чыккан өрт менен түшүндүрүшкөн.

Өткөн аптада сөз болгон аймактын Украина менен чек арага жакын жердеги бир нече айылында чукул кырдаал режими киргизилген. Анын алдына губернатор украиналык делген дүрмөт жарылганын айткан.

19:15 2.4.2022

Киев олбусунда украиналык белгилүү фотограф жана документалист Макс Левин набыт болду. Бул тууралуу украин президентинин жардамчысы Андрей Ермак 2-апрелде билдирди. 13-мартта ал орус армиясынын кол салуусунун кесепеттерин сүрөткө тартуу үчүн Гута Межигорская деген айыл тарапка барган. Көп узабай аймакта салгылашуулар жанданып, Левин байланышка чыкпай калган. 40 жаштагы фотографтын сөөгү 1-апрелде табылды.

Чек арасыз кабарчылар уюму Орусия согуш баштагандан бери Украинада 6 журналист мерт кеткенин, "журналисттерди бутага алуу согуш кылмышы болуп эсептелерин" билдирди. Уюм Левин куралсыз, "пресса" деген жазуусу бар желеткени кийип жүргөнүн баса белгиледи.

Украинанын башкы прокуратурасы алдын ала маалыматтарга таянып, орус армиясынын аскери ага эки ок чыгарганын билдирди.

Маркум LB.UA, Reuters, Би-би-си, Associated Press жана башка украиналык жана эл аралык маалымат каражаттары менен иштеген. Ал тарткан сүрөттөрдү The Wall Street Journal, The Moscow Time, Vatican news, Радио Свобода басып чыгарышкан.

Левиндин аркасында 4 баласы калды.

20:18 2.4.2022

Казакстан жана Орусия президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин телефон сүйлөшүүсүндө соода-экономикалык кызматташтыкты жана Украинадагы кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу билдирген Кремл жана Акордо сүйлөшүүгө кайсы тарап демилгечи болгонун маалымдашкан жок.

Орус президентинин кеңсеси билдиргендей, Путин Токаевди “Донбассты коргоо боюнча атайын операциянын” жүрүшү, Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат берди.

Ал эми Акордо “Украинанын нейтралдуу, эч кандай блокторго кошулбаган, ядролук куралсыз макамына жетүү келишимдеринин маанилүүлүгү тууралуу” айтылды деген жалпы сөздөр камтылган билдирүү жасады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун казак кызматы жазды.

Орусия Укрианага басып киргенден бери Путин менен Токаев ушуну менен экинчи жолу телефондон пикир алмашты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG