Орусиянын ондон ашуун шаарында Украинадагы согушка каршы акцияларга катышкан 200дөй киши кармалганын ОВД-Инфо медиа долбоору маалымдады.
Москвада Кремлдин жанындагы Зарядье паркында массалык кармоолор болду. Буга чейин «Весна» оппозициялык кыймылы Москва дарыясындагы көпүрөдө нааразылык акциясы уюштуруларын билдирген.
Север.Реалии сайты жазганына караганда, Петербурдагы Исаакиев аянтында полиция ондогон кишини, арасында собордун сүрөтүн тартып жаткан сүрөтчүлөрдү жана журналисттерди кармап кетти.
Орус бийлиги нааразылык акцияларына макулдук бербей, адатта күч түзүмдөрү митингдер өтчү жерге бараткан жарандарды кармап, автозактарга тыгып алып кетет. “Тынчтык”, “Согушка – жок” деген плакаттарды көтөрүп чыккан кишилерди да кармашууда.
Орус армиясы Украинага басып кирген 24-февралдан бери Орусиядагы митинг, акцияларда, ОВД-Инфо медиа долбоорунун маалыматына ылайык, 15 миңден көп киши кармалды. Акыркы апталарда акцияларга катышкандар азая баштады.
Николаевдин администрациясына урулган соккудан каза болгондор көбөйдү
Николаевдеги облустук администрациянын имаратына тийген орусиялык ракетадан 36 адам каза тапты.
Администрация башчысы Виталий Ким уранды астынан анын катчысынын сөөгүн алып чыгышканын билдирди.
Сокку 29-мартта урулган. Канаттуу ракета тийген имараттын жартысы урап калган. Урандыны тазалоо иштери азыркыга чейин жүрүп жатат.
Орусиялык аскерлер Украинанын түндүгүнөн чегинип, өлкөнүн чыгышына жана түштүгүнө жылышты.
Украинанын Башкы штабынын баасында орусиялык күчтөр Луганск жана Донецк облустарынын чек арасына чыкканга аракет кылууда. Сумы облусунда орусиялык күчтөр топтолгону байкалган.
Зеленскийдин кеңешчиси Алексей Арестович Украинанын түштүк жана чыгышында Мариупол үчүн айыгышкан кармаш күтүп турганын билдирди.
Литва орусиялык газдын импортунан баш тартты
Литва апрелдин башынан тартып Орусиянын газын алуудан толук баш тартты. LRTнын билдиришинче, мындай маалыматты өлкөнүн Энергетика министрлиги тараткан. Литва Евробиримдиктеги орусиялык газдан баш тарткан биринчи өлкө болуп калды.
Литва мындан ары Клайпеде терминалынан келген суюлтулган газды колдонот. Энергетика министри Дайниус Крэйвис орусиялык газдан баш тартууну Литванын энергетикалык жактан көз карандысыздыгы үчүн бурулуш катары баалады.
"Ушул айдан тарта Литвада орусиялык газ болбойт. Мындан көп жыл мурда менин өлкөм агрессор менен энергетикалык байланышты үзүү чечимин кабыл алган. Биз кылып аткандан кийин Европанын башка өлкөлөрү дагы кыла алат", - деген Литванын президенти Гитанас Науседаенин сөзүн "Украина чындыгы" жазды.