Киев облусу толугу менен Украинанын куралдуу күчтөрүнүн колуна өттү
Бул тууралуу Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирди.
"Ирпень, Буча, Гостомел жана Киев облусу толугу менен баскынчылардан бошотулду", - деп жазды ал.
"Абдан көп адам өлтүрүлгөн", - деди украиналык журналист Дмитрий Комаров Бучадагы абал тууралуу.
Орусиялык аскерлерден бошотулган Буча шаарында ондогон жай тургундар каза болгон. Журналист аскерлерге таянып, маркумдардын көбү минага жарылып өлгөнүн айтты.
"Бучада бардык жерде, балдар аянтчасына чейин мина коюлган. Айрым маркумдар колу таңылып, башка ок жеген абалда табылды" деп айтылат репортажда. Журналист сөөктөрдү этикалык эрежеден улам көргөзө албай турганын, бирок алар согуш кылмышын козгоого негиз экенине токтолгон.
Украинанын Улуттук Гвардиясынын Чернобыл АЭСде туткунга түшкөн аскерлери Орусияда же Беларуста болушу ыктымал
"Энергоатомдун" басма сөз кызматы туткунга түшкөндөрдүн биринин жубайына шилтеме берип аскерлерге тамак, суу берилбей жатканын билдирди. Булактар украин туткундары Смоленскиде же Беларустун Брагининде болушу мүмкүн дешкен.
Улуттук Гвардиянын аскерлери Чернобыл АЭСин орусиялык аскерлер кирип келгенге чейин кайтарып турушкан. 31-мартта Украинанын расмий органдары орус аскерлери Чернобыл АЭСнин аймагынан толук чыгып кеткенин билдирген.
Орус аскерлери 2-апрелде Миргородго, Шепетовкага, Днепрга ракета менен сокку урду
Полтавада, Миргороддун айланасында, Кременчугда жарылуу болгону катталды. Полтава облусунун аскердик администрациясынын башчысы Дмитрий Лунин ракета Миргороддун аэродромуна түшкөнүн билдирди. Анын айтымында курмандыктар жок, жабыр тарткандар бар.
Шепетовкада (Хмельницк облусу) "ракета өндүрүш объектисине тийген. Өрт өчүрүлүп жатат, алдын ала маалыматта жабыр тарткандар жок" деп билдирди облустук администрациянын башчысы Сергей Гамалий.
Днепропетровск облусунда да жарылуу болгону кабарланууда.