Орус аскерлери бир айдан ашык ээлеп турушкан Буча шаарында ондогон, балким жүздөгөн жай тургундар набыт болгону кабарланууда. Украин аскерлери шаарга 1-апрелде киргенден кийин соцтармактарда Бучадагы көчөдө өлүп жаткан адамдардын сөөктөрү тартылган сүрөттөр менен видеолор пайда болду.
Ишембиде шаарга Reuters менен AFP агенттигинин кабарчылары да кирген, алар да көчөлөрдө жай тургундардын сөөктөрү көп экенин ырасташты.
Өлгөндөрдүн айрымдарын туугандары тааныган. Алардын көпчүлүгү минага жарылып набыт болсо, арасында башына атылган октон өлгөндөрү да, колдору таңылган боюнча өлгөндөрү да бардыгы айтылууда. Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк аларды орус аскерлери өлтүргөн деп божомолун "Твиттерге" жазды.
Буча шаарынын мэри 300дөй сөөк бир мүрзөгө коюлганын билдирди.
Орусия Reuters агенттигинин Бучадагы кыргын тууралуу суроосуна жооп бере элек.
Украинанын Кара деңиздин жээгиндеги Одесса шаарына жекшембинин таңында орус аскерлери сокку урду. Бул тууралуу украин Ички иштер министрлигинин өкүлү Антон Геращенко Telegram сайтында билдирди.
"Айрым райондордо өрт чыкты, орус учактарынын кээ бирлери жок кылынды",- деп жазды. Маалыматты Одесса шаардык кеңешинин Телеграм-каналы тастыктады.
Орусиянын Коргоо министрлиги Одессанын бомбаланышы тууралуу маалымат берген жок. Бирок аба күчтөрү Украинанын 28 аскер обьектисине чабуул койгонун билдирди.
Украин президенти Владимир Зеленский 2-апрелде Орусия аскерлерин Киев менен Черниговдон чыгарып кетип, өлкөнүн түштүк тарабынан "катуу чабуулга даярданып жатат" деп айткан.
Бул аралыкта орус-украин сүйлөшүүлөрүндөгү Орусия делегациясынын жетекчиси Владимир Мединский сүйлөшүүлөр максатына жетпей, президенттер Зеленский менен Путиндин саммитине жол ача албай жатканын Telegram каналына жазды.
Мединскийдин айтымында, " Орусиянын Крымга жана Донбасска позициясы өзгөрүүсүз калат".
3-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Украинадагы согушка каршы Горький паркына митингге чыккандардын айрымдарын актады. Алардын катарында укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров, жарандык активист Бурул Усманали, Айзирек Алмазбекова жана дагы активисттер бар.
Алардын баарына Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси ("Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө") боюнча иш козголгон. Биринчи Май райондук соту буларды "иштин курамында укук бузуу жок" деген жүйө менен актап, ишти кыскартканын "Кылым шамы" укук коргоо уюмунан "Азаттыкка" кабарлашты.
2-апрелде Бишкекте Украинадагы согушка каршы митингге чыккандарды милиция кармап кеткен. Горький гүлбагына чогулган жарандык активисттер "Согушту токтот!", "Согушка жол жок!", "Путин, согушту токтот!" деген жазууларды кармап турган. Аларга милиция кызматкерлери келип, митинг өткөрүүгө сот тарабынан тыюу салынганын эскерткен. Көп өтпөй митингчилерди кармап, Биринчи май райондук милициясына алып барышкан.
Ушул эле гүлбакта түшкө чейин Орусияны колдогон он чакты адам митингге чыккан. Аларга милиция да, бийлик өкүлдөрү да тыюу салынган чечим бар экенин айткан эмес.
Бишкек милициясы 2-апрелде Горький гүлбагынан кармалган митингчилер Орусиянын элчилигине чейин жөө жүрүш менен баруу максатында чагымчылдык кылып, милициянын эскертүүсүнө кулак салбаганы үчүн кармалганын маалымдады. Бирок митингчилер өздөрү, ал жердеги журналисттер жөө жүрүш тууралуу сөз да болбогонун белгилешүүдө.
Милиция Орусияны колдоп чыккандар Горький гүлбагында митингди тынч өткөрүп, тарап кетишкени үчүн аларга чара көрбөгөнүн билдирди.
Бишкек милициясынын Орусиянын элчилигинин, парламент жана өкмөт имараттарынын, борбордук аянттын аймагында 11-марттан 11-апрелге чейин акция өткөрүүгө тыюу салган чечимин 16-мартта Биринчи май райондук соту күчүндө калтырган.
Согуш башталгандан бери Украинада эки тараптан тең миңдеген адамдар каза таап, 4 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.
Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин айтып келет.
Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель Украинанын Буча шаарындагы орус армиясынын «аскердик кылмышка тете» аракеттеринен кийин Орусияга дагы санкциялар киргизилерин билдирди.
3-апрелде Твиттерге жазган билдирүүсүндө ал «Киевдин баскынчылардан бошотулган районундагы орус аскерлеринин жырткычтык аракеттерин чагылдырган видеолорду көрүп нес болгонун» жазган.
Ушул эле күнү «Хьюман Райтс Уотч» уюму «Украинанын Чернигов, Харьков, Киев облустарындагы баскынчылардын колуна өткөн аймактарда орус күчтөрү жарандарга карата аскердик эрежелерди бузган бир нече учурларды документтештиргенин» жазды.
Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм билдиргендей, 4-мартта Бучада орус аскерлери кеминде бир адамды желкеге атып өлтүрүшкөн.
Шаардын мэри Анатолий Федорук 2-апрелде билдиргендей, орус аскерлери көзөмөлдөп турган маалда шаардын 300дөй тургуну өлтүрүлгөн. Алардын 280и бир жерге көмүлсө, башкаларынын сөөктөрү көчөдө калган.
Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс «Бучадагы жана Украинанын башка шаарларындагы жырткычтык аны нес кылганын» 2-апрелде билдирип, кылмышка баргандар жоопкерчиликке тартыларын убада кылды.