Украинанын Тышкы иштер министрлиги Эл аралык кылмыш сотун жана эл аралык уюмдардын миссиясын Киев облусунун Буча шаарына жана башка аймактарга келип, Орусия армиясынын адамзатка каршы жасаган аскердик кылмыштарына далил материалдарды көрүп кетүүгө чакырды. Министр Дмитрий Кулебанын билдирүүсү британиялык Times UK радиосунан берилди.
Кулебанын айтымында, алынган далилдер эл аралык жана чет элдик соттордо кылмыш кылгандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн керек болот.
“Алар ушул айыл менен шаарларда жүргөндө жана кетип баратканда жай тургундарды өлтүрүшкөн”, - деп билдирди Кулеба.
Министр ошондой эле орус армиясынын Украина аймагында талап-тоноочулук, кыйноо, адам өлтүрүү, зордуктуу сыяктуу кылмыштарды жасаганын айтты.
“21-кылымда мындайды элестетүү кыйын эле. Бирок булар биздин көз алдыбызда болуп жатат. Орусия "ИМ" тобунан дагы коркунучтуу”, - деген Кулеба.
Буга чейин Кулеба Орусияга карата санкциялары күчөтүүнү сураган. Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн Фейсбук баракчасына Бучадагы сүрөттөрдү жарыялап, орус аскерлеринин энелери муну көрүүсүн сунуштаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги жай тургундарды өлтүрүү боюнча бардык айыптарды четке кагууда. Аталган мекеме тараткан билдирүүдө, бардык видеоматериалдар жана сүрөттөр чагым экенин, “Киев режими Батыш маалымат каражаттары үчүн атайын жасаганы" айтылат.
Министрлик аскер күчтөрү Орусия менен Украинанын Түркиядагы сүйлөшүсүнөн кийин Бучадан 30-мартта чыгарылганын билдирген. Ошондой эле Бучанын мэри Анатолий Федеруктун орус аскерлери калган жок деп айтканын жана анда адамдардын өлүмү тууралуу эч кандай сөз болбогонун белгилеп жатат.
Орус аскерлери бир айдан ашык ээлеп турушкан Буча шаарында ондогон, балким жүздөгөн жай тургундар набыт болгону кабарланууда. Украин аскерлери шаарга 1-апрелде киргенден кийин соцтармактарда Бучадагы көчөдө өлүп жаткан адамдардын сөөктөрү тартылган сүрөттөр менен видеолор пайда болду.
Ишембиде шаарга Reuters менен AFP агенттигинин кабарчылары да кирген. Алар да көчөлөрдө жай тургундардын сөөктөрү көп экенин ырасташты.
Өлгөндөрдүн айрымдарын туугандары тааныган. Алардын көпчүлүгү минага жарылып набыт болсо, арасында башына атылган октон өлгөндөрү да, колдору таңылган боюнча өлгөндөр дагы бар экени айтылууда.
Financial Times басылмасы Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкциялардын пакетин кабыл алууга даярданып жатканын жазды. Кезектеги бешинчи санкциялардын пакетин киргизүү шаршемби күнү каралышы мүмкүн. Анда Евробиримдиктин айрым мүчөлөрү Орусиянын энергетикасынан биротоло баш тартуу керек деген талапты да коюп жатат. Буга кошумча жеке санкциялар, экспорттук жана орусиялык кемелердин Европа портторуна кирүүсүнө тыюу салуу сыяктуу чектөөлөр бар.
Евробиримдик Украинага жана бейөкмөт уюмдарга Киевдин жанындагы орус армиясынын согуш кылмыштары боюнча далилдерди чогултууга жардам көрсөтүүдө.
4-апрелдин таңында орусиялык күчтөр Николаев шаарына ракеталык чабуул жасаганы кабарланууда. Бул тууралуу шаар мэри Александр Сенкевич билдирип, соккунун кесепеттери такталып жатканын айтты.
Украин президенти Владимир Зеленскийдин алдын ала жаздырылган видео кайрылуусу "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземинде көрсөтүлдү. Ал "украин музыканттары смокингдин ордуна ок өтпөс соот кемсел кийип, ооруканаларда жарадар болгондорго ырдап жүрүшкөнүн" белгилеп, музыка коомчулугун "унчукпай турбай, жок дегенде Украинадагы согуш тууралуу чынчыл маалыматтарды айтып чыгууга" чакырды.
Бул жылы АКШнын башкы музыкалык "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземи 4-апрелге караган түнү Лас-Вегас шаарындагы MGM Grand Garden Arena комплексинде өттү. Буга чейин азем жыл башында өтүп жүргөн. Коронавирус пандемиясынан улам артка жылдырылган эле.