Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.

Запорожье бомбаланып, Киевде аэропорт бутага алынды, кеминде үч өмүр кыйылды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

14:13 4.4.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияны геноцидге айыптады. “Америка добушу” радиосу маалымдагандай, CBS телеканалына берген интервьюда украин лидери: "Бул – чыныгы геноцид. Бир улутту жана элди жок кылуу”,-деп айтты.

Анын алдында айтылган расмий маалыматка ылайык, украин армиясы орус аскерлеринен бошоткон Бучада карапайым тургундардын сөөктөрүн табышкан. Орусиянын Коргоо министрлиги айыптоолорду четке кагып, Киев тараткан сүрөт, видеолорду “кезектеги чагым” деп сыпаттады.

Human Rights Watch укук коргоо уюму “орус аскерлери согуштун мыйзамдарын бузган бир нече учурду каттаганын” билдирди. Сөз Чернигов, Харьков жана Киев облустары тууралуу жүрүүдө.

Зеленский орус куралдуу күчтөрүн катуу сындап, Кремлдин лидерлерин Бучага келип, согуштук аракеттердин кесепеттерин өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды. Анын айтымында, орус аскерлеринин Украинадагы аракеттери үчүн президент Владимир Путин жана орусиялык аскер адамдары жооп бериши керек.

Батыш лидерлери бучада жайкын тургундардын сөөктөрү табылганы тууралуу маалыматтарды айыптоо менен кабыл алышты.

Буча: көчөдө калган сөөктөр, күйгөн танктар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

14:45 4.4.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияны геноцидге айыптады. “Америка добушу” радиосу маалымдагандай, CBS телеканалына берген интервьюда украин лидери: "Бул – чыныгы геноцид. Бир улутту жана элди жок кылуу”,-деп айтты.

Анын алдында айтылган расмий маалыматка ылайык, украин армиясы орус аскерлеринен бошоткон Бучада карапайым тургундардын сөөктөрүн табышкан. Орусиянын Коргоо министрлиги айыптоолорду четке кагып, Киев тараткан сүрөт, видеолорду “кезектеги чагым” деп сыпаттады.

Human Rights Watch укук коргоо уюму “орус аскерлери согуштун мыйзамдарын бузган бир нече учурду каттаганын” билдирди. Сөз Чернигов, Харьков жана Киев облустары тууралуу жүрүүдө.

Зеленский орус куралдуу күчтөрүн катуу сындап, Кремлдин лидерлерин Бучага келип, согуштук аракеттердин кесепеттерин өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды. Анын айтымында, орус аскерлеринин Украинадагы аракеттери үчүн президент Владимир Путин жана орусиялык аскер адамдары жооп бериши керек.

Батыш лидерлери бучада жайкын тургундардын сөөктөрү табылганы тууралуу маалыматтарды айыптоо менен кабыл алышты.

14:48 4.4.2022

Human Rights Watch (HRW )укук коргоо уюму Украинанын орус аскерлеринин убктылуу көзөмөлүнө өткөн аймактарындагы, тагыраагы, Чернигов, Харьков жана Киев облустарындагы согуш кылмыштары тизмектелген докладын жарыялады.

Баяндамада айтылгандай, 4-мартта орус күчтөрү Киевдин жанындагы Буча шаарчасында 5 эркек кишини кармап, бирөөнүн көзүн тазалашкан. Күбөлөрдүн бири аскерлер тынч тургундарды жолдун боюна чөгөлөтүп, баштарын футболкалары менен чүмкөп алуу буйругун бергенден кийин бирөөнү желкесине атып өлтүрүшкөнүн айтып берген.

Анын айткандары бир нече кишинин сөөктөрү кандай абалда табылганын сүрөттөгөн маалыматтарга дал келет.

6-мартта Ворзел деген жерде орус аскерлери аткылоодон качкан тургундар жашырынган жертөлөгө түтүн шашкасын ыргытышкан. Алар сыртка чыга качканда аскерлер бир аялды 14 жаштагы баласы менен кошо атып салышкан. Бул маалыматты маркумдар менен чогуу жашынып отурган бир киши берген.

Муну менен катар HRW Харьков облусунда кеминде бир аялдын зордукталганын каттады.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон уюм тактаган “атайлап жасалган ырайымсыздык жана зомбулук согуш кылмыштары катары иликтенүүгө тийиш” деп билдирди.

3-апрелде эртең менен журналисттер жана украин бийлиги Буча шаарынын көчөлөрүнөн ондогон карапайым кишинин сөөктөрү табылганын билдиришкен. Бир катар маалымат каражаттары жарыялаган сүрөттөрдө кээ бир кишилердин колдору байланганын көрсө болот.

Орусиянын Коргоо министрлиги айыптоолорду четке кагып, Киев тараткан сүрөт, видеолорду “кезектеги чагым” деп сыпаттады.

15:15 4.4.2022

Maxar компаниясы Бучадагы сөөктөрдү массалык көмүп жаткан учурдун сүрөтүн жарыялады. Сүрөттөгү көрүстөндөр 13-мартка чейин казылган. Ошол учурда 67 адамдын сөөгү коюлганын Ирпин шаардык баштапкы медициналык жардам борборунун директору Андрей Левковский билдирген. Ал ошондой эле украиналык дарыгерлер каза болгондорду көмүп жаткан видеону жарыялады.

2-апрелде Буча шаарынын мэри Agence France-Presse агенттигине билдиргендей, буга чейин шаар аймагына 280 адамдын сөөгү коюлган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG