Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.

Запорожье бомбаланып, Киевде аэропорт бутага алынды, кеминде үч өмүр кыйылды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

22:11 4.4.2022
Владимир Зеленский Буча шаарында.
Владимир Зеленский Буча шаарында.

Украина президенти Владимир Зеленский Буча шаарчасына барды. Киевдин жака белиндеги шаарчада орусиялык аскерлер чегингенден кийин карапайым кишилердин сөөктөрү табылганы расмий кабарланган.

Би-Би-Синин маалыматына караганда, Зеленский орус армиясынын кыйраган техникасы жаткан көчөнү көрүп, жергиликтүү тургундар менен сүйлөштү. Журналисттерге кайрылып, президент Орусия Украинада согуштук кылмыштарга барганын, ошол эле маалда Москва менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн дагы деле жактарын айтты.

Орусия өз күчтөрүн Киев, Чернигов жана Сумы облустарынан чыгарып кеткени маалымдалган. Бирок Донбасс жана Харьков тарапта аскерлерин топтоп жатат. Өткөн жумада орус коргоо министри Сергей Шойгу атайын операциянын максаты Донбассты өз көзөмөлүнө алуу экенин айткан.

Бучада каза тапкандардын саны жана өлүмдүн себептери тууралуу так маалыматтар жок. Айрым маркумдардын колдору артынан байланганы белгилүү. Шаарда жапырт көрүстөн да табылганы кабарланган.

Украин бийлиги орус аскерлеринин колунан набыт болгон жергиликтүү тургундардын саны 300дөн ашканын айтууда. Москва айыптоолорду четке кагып, "жалган маалымат таратып жатат" деп Киевди күнөөлөдү.

12:45 5.4.2022

The New York Times спутниктен тартылган сүрөттөр Бучанын көчөлөрүндөгү сөөктөр үч аптадан ашуун абактан бери жатканын көрсөткөн. Бул убакытта шаар орус армиясынын көзөмөлүндө болгон.

Жергиликтүү бийликтин 2-апрелде тарткан видеосунда Яблунск тар көчөсүндө бир нече кишинин сөөгү жатканы көрүнөт. Maxar Technologies компаниясы тарабынан The New York Times басылмасына берилген спутниктен алынган сүрөттөр алардын кеминде 11-марттан бери ошол жеде болгонун көрсөтүп турат.

15:33 5.4.2022

Медиазона: "ДЭРде" сыйлангандардын бири нацисттик символиканы тагынып жүргөн

Медиазона "Донецк элдик республикасынын" аскерлерине сыйлык тапшырылып жаткан учурда неонацисттердин символикасын тагынып жүргөндөрдү байкаган.

"ДЭРдин" сайттарынын бирине жарыяланган видеонун 40-секундасында "ДЭРдин" жетекчиси Денис Пушилиндин жанында жеңинде нацисттик "Тотенкопф" жана жаңы необутпарастар менен неонацисттер көп колдонгон скандинавиялык Одиндин "Валькнут" символу бар адам турганын көрүүгө болот" деп жазган "Медизона".

Басылманын маалыматында ал "Сомали" батальонунун камалоочу аскер бөлүгүнүн командири Роман Воробьев".

15:50 5.4.2022

Москва Украинага кол салуудагы көздөгөн максаттарын өзгөртүшү мүмкүн. Бул тууралуу АКШ прездентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан билдирди.

Вашингтондун маалыматына ылайык, Орусия Украинанын чыгышына он миңдеген аскерин жөнөтүүнү пландап жатат. Алар ошол аймактагы украин армиясынын бөлүктөрүн “курчап жана талкалоону”, “андан кийин тактикалык ийгиликтен пайдаланып, буга чейинки аскердик утулуштарын жаап-жашырууну көздөшөт" деп айтты Салливан.

Ак үйдүн өкүлү согуштун эмки айлампасы создугуп кетиши мүмкүн экенин, орус армиясы жикчилдердин карамагындагы аймактарды да алууга, түштүктө Херсонду кармап турууга аракеттенерин, Киев, Харьков, Львов жана Одессага ракета соккуларын улантарын эскертти.

Салливан Байден администрациясы жакында Киевге дагы жардам бөлөрүн кошумчалады. Андан тышкары Орусиянын энергия отундарынын экпортуна санкция салууну караштырылмакчы.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG