Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.

Запорожье бомбаланып, Киевде аэропорт бутага алынды, кеминде үч өмүр кыйылды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:04 5.4.2022

Кытай тынч сүйлөшүүлөргө чакырууда

Кытайдын жана Украинанын тышкы иштер министрлери Ван И менен Дмитрий Кулеба орус-украин согушун токтотуу боюнча телефон сүйлөшүүлөрүн өткөрдү.

"Согуштар дайыма бүтөт. Азыр жоготууларды эске алып, Европанын эффективдүү коомсуздуктук системасын орнотуу керек", - деди кытай министри. Ал Бээжин "бул процессте" конструктивдүү ролду ойноого даяр экенин белгилеген.

16:08 5.4.2022

Кыргызстан: Депутат орус-украин кризиси боюнча милициянын эки башка мамилесин сындады

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев орус-украин кризисине байланыштуу Бишкекте тынчтык акциясына чыккандардын кармалышын сындады. Ал 5-апрелде парламент жыйынында бул маселени көтөрүп, Орусияны колдоп чыккандарга уруксат берип, Украинага тилектештик билдиргендерди кармап кетүүнү чекилик деп атады.

«Бир эле маселе боюнча эки башка акцияга чыккандарга бирдей мамиле болушу керек. Милициянын бир эле кадамы менен чоң санкцияларга себепкер болуп калбашыбыз керек», - деди Акаев.

Депутат мындай билдирүүнү Курманкул Зулушев жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышкан жыйында айтты.

2-апрелде Бишкекте Орусиянын Украинага каршы согушун токтотууну талап кылып акцияга чыккан жарандык активисттерди милиция кармап кеткен.

Ошол эле күнү аталган гүлбакта Орусияны колдогон адамдар топтолгон, бирок аларга укук коргоо органдары тарабынан эч кандай чектөө болгон эмес.

16:37 5.4.2022

"Буча-Москва" акциясы

"Холод" интернет-журналы Москвада "Буча – Москва" арт-акциясы өтөрүн билдирди. Анда Москванын бир канча жеринде колу ак жип менен артка байланган адам жерде жатып сүрөткө түшкөн. Арт-акцияны ким уюштурганы азырынча белгисиз.

Өткөн жумада Киевге жакын Буча шаарында набыт болгон бир нече адам ушул абалда табылган. Эл аралык коомчулук жана Украинанын өкмөтү аларды орус аскерлери өлтүргөн деп айыптоодо. ​

16:41 5.4.2022

Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы Киев облусунда саперлор күн сайын аймакты, жолдорду, үйлөрдү жана инфраструктуралык объекттерди куралдардан тазалап жатканын билдирди.

Буча шаарындагы сүрөттөр

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG