Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.

Запорожье бомбаланып, Киевде аэропорт бутага алынды, кеминде үч өмүр кыйылды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

18:40 5.4.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Бучадагы трагедиядан кийин канчалык оор болбосун, согушту токтотуу үчүн Москва менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын белгиледи. Шейшембиде жергиликтүү кабарчыларга маегинде президент Бучада болгон окуяны “чоң трагедия” жана “геноцид” деп атап, согуш кылмышкерлери жоопко тартыларына убада берди.

Зеленский муну менен катар Украина тынчтык келишимине кол коюлган күнү да, Москванын кепилдиктерине ишенбесин, Орусия “эки жылдан кийин кайрадан кайтып келиши мүмкүн экенин” билдирди.

Президенттин айтымында, өлкө НАТОго кирмек, бирок альянс ага даяр эмес болуп чыкты. Анын үстүнө Украинанын коопсуздугун кепилдей турган мамлекеттердин тизмеси жок.

23:17 5.4.2022

БУУнун Миграция боюнча агенттиги Орусия Украинага басып кирген 24-февралдан бери 11 миллиондон көп киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгонун билдирди.

1-апрелге чейин 7,1 миллион киши өлкө ичинде жер которгон, 4,2 миллиону чет жактарда башпааналап жүрөт.

Агенттиктин жетекчиси Антонио Виторино “Эл согуштан улам үйлөрүнөн качып жатат, гуманитардык шарттар күн санап начарлоодо” деп айтты.

Анын айтымында, жайкын тургундарды эвакуациялоо, гуманитардык жардам жеткирүү үчүн тезинен коридорлорду түзүү керек.

БУУнун сурамжылоосуна ылайык, жер которгон үй-бүлөлөрдүн 60% балдары, 57% улгайган жакындары бар. 30% үй-бүлө мүчөлөрү өнөкөт дарттар менен ооруйт. Ошондой эле үчтөн бир бөлүгү өткөн айда киреше тапкан эмес.

23:18 5.4.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги кайрылуусунда Орусияны Украинада жасалган кылмыштар үчүн жоопко тартууга үндөдү.

Президент Буча шаарында болгон окуялардын видеосун көрсөттү. Анын айтымында, Киевдин четиндеги шаарчада, бүтүндөй үй-бүлөлөр туш келди жок кылынган. Аларды “батирлеринде, үйлөрүндө өлтүрүшкөн. Жөнөкөй кишилерди машинеде отурган жеринен танктар менен тебелешкен, жок жерден, ырахат алуу үчүн”, - деп айтты украин мамлекет башчысы 5-апрелдеги кайрылуусунда.

Зеленский Бучадагы окуялар Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки “эң коркунучтуу согуш кылмыштары” экенин, бул украин жергесинде “41 күндөн бери баскынчылар жасап жаткандардын бир эле мисалы” деп белгиледи. Анын айтымында, орус аскерлери жайгашкан жерлерде кыйроолор, жапырт көрүстөндөр калды.

Зеленский “жүз миңдеген” украиналыкты Орусияга депортациялашканын айтып, орусиялыктар украиндерге таандык ар бир нерсени – тамак-ашынан баштап алтын буюмдарына чейин уурдоодо деп айыптады.

Президент БУУну Орусияга каршы санкция киргизүүгө гана эмес, ал өлкөнү Коопсуздук кеңешинен чыгарууга чакырды. Ал ошондой эле БУУнун хартиясын реформалоо керектигин, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин нацисттерди соттогондой эл аралык трибунал түзүү керектигине басым жасады.

Орусия бийлиги айыптоолорду четке кагып, орус аскерлеринин Бучадагы кылмыштары тууралуу маалыматтарды Москваны каралоону көздөгөн “чагым” деп сыпатташты. Алар аскерлер Бучадан 30-мартта чыгарылганын айтышууда.

Бирок Maxar Technologies фирмасынын спутниктен марттын ортосунда тартылган сүрөттөрдө Бучанын көчөлөрүндө жаткан сөөктөр көрүнүп турат.

14:15 6.4.2022

Украинанын орус аскерлери курчоого алган Азов деңизинин боюндагы Мариупол шаарында айыгышкан салгылашуулар уланууда.

Бул тууралуу 6-апрелде Британиянын аскердик чалгын кызматы кабарлады. Украин Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, портто 160 миңдей киши электр жарыгы, дары-дармек, жылуулук, суусу жок калды.

"Орусиянын куралдуу күчтөрү гуманитардык жүк жеткирүүгө тоскоолдук кылууда, муну менен шаарды коргогондорду багынып берсин дешет", - деп билдирди министрлик. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес.

Украина бийлиги Мариупол жана башка аймактардан элди эвакуациялоону улантууда. Вице-премьер-министр Ирина Верещук маалымдагандай, 5-апрелде 4 миңге жакын киши гуманитардык коридорлор менен чыгарылды.

"Бирок жети автобустан турган кербен орус аскерлеринин тосмолорунан улам Мариуполдон чыга албай калды", - деп кошумчалады Киевдин өкүлү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG